Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

16:25 Нарын облусундагы Акталаа районунда италиялык чегирткелер пайда болду


Нарын облусунун Акталаа районундагы эки айыл өкмөттүн аймагында италиялык чегирткелер пайда болууда. Райондогу Үмүт айыл өкмөтүнө караштуу Кардыжарык аймагындагы Бозот жана Көкбел аянттарында 365 гектар, ал эми Жергетал айыл өкмөтүнөн Кенаң айыл участкасында 210 гектар жерде өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү чегирткелердин очогу табылган. Мындай маалымат Нарын район аралык өсүмдүктөрдү коргоо инспекциясынын адиси Ишенбек Жумагуловдон бүгүн алынды. Адистин айтымында, атайын үлгүдөгү дары чачуучу айыл чарба унааларын чиркеген төрт трактор жана суу ташуучу бир автоунаа бүгүн чегирткелер чыккан аймакка сапар алышууда. Ошону менен тиешелүү дары-дармектер камсыз болгон. Чегирткелердин пайда болушу тууралуу маалыматтар ушул эле райондогу Кошдөбө айыл өкмөтүнөн дагы түштү, деп кошумчалады адис Ишенбек Жумагулов. (KUs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG