Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:48

АЙТИБАЙ ТАГАЕB ТӨРАГАЛЫККА КҮТҮҮСҮЗ КЕЛДИ


Аманбек Жапаров, Бишкек Жогорку Кеңештин төрагалыгына депутат Айтибай Тагаев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/E27C6114-024B-40B6-8019-323F9CE99FED.ASP шайланды. Айрым депутаттардын айтымында, спикерликке Тагаевдин талапкерлиги таптакыр күтүүсүз болду. Ал эми “Ак жол” фракциясынын депутаттары аталган партиянын төрагасы Курманбек Бакиев сунуштаган талапкер Айтибай Тагаевден үмүттөрү зор экендиктерин айтышууда.

Бүгүн парламент мурдагы төрага Адахан Мадумаровдун кызматынан кетүү жөнүндөгү арызды жабык эшик артында талкуусуз кабыл алды. Спикердин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча маселеде 79 депутат макул болуп, бирөө каршы добуш берди.

Андан соң «Ак жол» партиясынын жетекчиси Курманбек Бакиевдин сунушу менен Жогорку Кеңештин төрагалык кызматына Айтибай Тагаевдин талапкерлиги фракцияларда талкууланып, парламент отурумунда жашыруун добушка коюлду. Эсептөө комиссиясынын төрагасы Автандил Арабаев добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялады.

- Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кызматына депутат Тагаев Айтибай Султановичти шайлоого макул 77, каршы 2 добуш берилген.

Жаңы шайланган төрага Айтибай Тагаев бул жаңы дайындоо өзү үчүн күтүүсүз болгондугун билдирди.

- Мен үчүн бул окуя күтүүсүз окуя болду десем жаңылышпаймын. Мага өтө жооптуу кызматты, башкача айтканда биздин парламенттин төрагасына ишеним көрсөтүп бардыгыңар добуш берип атасыңар. Мен кыргыз эли үчүн үч фракция - “Ак жол”, СДПК, Кыргызстан коммунисттер фракциясын биримдикке чакырып, бардыгыңыздарга бирдей мамиле кылам.

Анын Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланышы жеке эле өзү үчүн эмес, көпчүлүк депутаттар үчүн дагы күтүүсүз болгондугун СДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов билдирди:

- Мындай чечим СДПК үчүн эле эмес, “Ак жол” партиясындагылар үчүн дагы таң калычтуу болду. Көптөрү үчүн бул күтүүсүз талапкер болуп калды. Мен жаңы төраганы өндүрүшчү катары билем. Бирок өндүрүш менен коомдук саясаттын айырмасы асман менен жердей. Эми ал парламентти кандай алып кетет - аны убакыт көрсөтөт.

Ал эми “Ак жол” партиясынан депутат Улугбек Ормонов болсо Айтибай Тагаев партиялаштарынын үмүтүн актап, төрагалык кызматты аркалап кетет деген ишенимде:

- Жогорку Кеңешке 90 депутат келгенден кийин, алардын ар бири төрага болууга татыктуу. Ошондуктан бул мен үчүн күтүүсүз болгон жок. Айтибай Султанович менен Жогорку Кеңештин III чакырылышында бирге иштеп, үч жылда анын ачууга алдырганын көргөн жокмун. Бул жагынан мен ойлойм татыктуу эле талапкер.

Белгилүү саясатчы, депутат Бакыт Бешимов бийликтин “Ак жол” партиясы көпчүлүктү түзгөн азыркы парламент Ак үйдүн тапшырмасын аткарып, көз карандысыздыгын жоготту деген пикирде. Анын айтымында, учурдагы парламенттеги кызматтык өзгөрүүлөр Жогорку Кеңешке баары бир терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

- Бул жерде башынан системдүү катачылык кетирилген. Ошондуктан албетте бул парламенттин келечектеги ишине терс таасирин тийгизет да. Себеби партиянын түзүлүшүндө, бийликти түзгөндө, партиянын өзүнүн иш алып барганында көп системдүү катачылыктар бар.

Жаңы шайланган төрага Айтибай Тагаев 1958-жылы Ноокат районундагы Эски Ноокат айылында туулган. Анжиандагы гидротехникалык курулуш техникумун, Кыргыз Мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн. Окууну аяктагандан кийин Кызылкыядагы курулуш материалдар комбинатында финансы-экономикалык маселелер боюнча иш алып барган. 1993-2001-жылы Кызылкыядагы “Нур-Км” акционердик коомунун коммерциялык директору, кийинчирээк директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштеген.

2005-жылы Кызылкыя шайлоо аймагынын №17 шайлоо чөлкөмүнөн Жогорку Кеңештин III чакырылышына "Алга, Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган. Өткөн жылдын декабрында парламентке “Ак жол” партиясынан депутат болгон.

XS
SM
MD
LG