Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:54

КЫТАЙ МЕНЕН ТАЙВАН ТИЛ ТАБЫШТЫ


Кытай менен Тайван --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/39A3C5EB-C6FE-45A2-8679-FB3764E7BCB2.ASP бүгүн туризм жана чартердик учуулар боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө макулдашышты. Бул макулдашуу Тайванда Ма Иң-цзю президент болуп шайлангандан кийин, эки өлкөнүн алакасы улам жакшырып бараткандыгынын дагы бир күбөсү болуп калды.

Бул макулдашуунун мааниси биринчи кезекте анын маңызында эмес, сүйлөшүү боло тургандыгын өзүндө жатат. Демилгени Кытай көтөрүп, Тайван кысыгынын эки тарабындагы алакалардын биримдиги аркылуу Тайпейдин өкмөтүнө чакыруу жиберген эле. Тайванды Кытай өзүнүн аймагы деп эсептегендиктен, ортодо расмий дипломатиялык алакалары жок, ал алакалар жогоруда аталган биримдик аркылуу ишке ашырылат.

Тайвандын да ушундай эле уюму бар, ал «Кысык аркылуу алмашуу кору» деп аталат. Бул кор аркылуу Тайпейдин өкмөтү Кытайдын сунушун кабыл алгандыгын бышыктады.

Сүйлөшүү 11-14-июнь күндөрү Бээжинде өткмөкчү. Анда эки ортодогу туристтердин санын жана чартердик каттамдарды көбөйтүү маселеси каралат. Учурда Кытай менен Тайвандын ортосунда анда-санда гана чартердик учактар учуп турат.

Кытайдын чакыруусунан бир күн мурда бул өлкөнүн президенти Ху Цзинтао Тайвандын бийликтери Улуттук же Гоминдан партиясынын төрагасы У Босюн менен жолуккан эле. Бейжинде өткөн бул жолугушуу Тайван Кытайдан бөлүнүп кеткен 1949-жылдан берки эң жогорку деңгээлдеги алгачкы жыйын болуп калды.

Андан соң Ху Цзинтао менен пресс-конрефенция өткөргөндө У Босюн эки тирешкен тараптын ортосунда бейкуттук мүмкүн экендигин мындайча сөз кылды:

- Табигый кырсыктарды болтурбай койгонго күчүбүз жетпейт, бирок өз аракетибиз менен Тайван кысыгында эч качан ок атылбашын кепилдей алабыз. Менимче, төрага Ху Цзинтао менин пикириме кошулат, - деп айтты Тайвандын бийликтеги партиясынын жетекчиси. Кытайдын төрагасы анын пикирин четке каккан жок.

Соңку окуялар Тайванда Ма Иң-цзю президент болуп шайлангандан бери Кытай менен Тайвандын ортосундагы тирешүүнүн күчү кайта баштагандыгын дагы бир жолу ырастайт. Мурдагы президент Чен Шуйбейден айырмаланып, Ма Иң-цзю Бээжин менен ынтымакташууга басым жасайт. Ал ортодо диалог түзүп, экономикалык алакаларды жакшыртууга жана курал жарышына жол бербөөгө чакырып келет.

XS
SM
MD
LG