Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

ТҮРКИЯДА Ч.АЙТМАТОВДУ НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫНА КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА КОМИТЕТ ТҮЗҮЛДҮ


29-майда Түркияда Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл баатыры, коомдук ишмер Чыңгыз Айтматовду --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/02/7A34CE0D-BCB8-4D64-B934-4EE936AD62A6.asp Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча комитет түзүлдү. Бул маалыматты Түркияда расмий сапар менен жүргөн өлкөнүн маданият жана маалымат министри Султан Раев дагы ырастады. Ошондой эле Анкарадагы жыйында Чыңгыз Айтматовго беш жылда бир берилүүчү “Түрксойдун” сыйлыгы дагы тапшырылды. Кыргыз жазуучулары да түрк тилдүү коомчулуктун бул демилгесин колдоого алышарын билдиришти.

Түркиянын борбору Анкара шаарында түрк тилдүү элдердин абройлуу жазуучулары, сүрөтчүлөрү жана маданият ишмерлери белгилүү коомдук ишмер жана мурдагы элчи Чыңгыз Айтматовду Нобель сыйлыгына көрсөтүү боюнча комитет түзүштү. Бул тууралуу түрк маалымат кызматтары да кеңири жазып чыгышты. Аны Түркияда маданий иш-чарага катышып жүргөн Кыргызстандын маданият жана маалымат министри Султан Раев дагы ырастады.

-Эми Нобель сыйлыгын ыйгаруунун өзүнчө бир татаал эрежеси бар. Алар, албетте, сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалардын баарын аябай тыкыр карашып, жашыруун добуш менен тандап алышат. Биз үчүн Чыңгыз Айтматовдун ошол сыйлыкка түрк тектүү коомчулук үчүн төрт жолу көрсөтүлүп жаткандыгы да чоң сыймык. Кудай буюрса, татыктуу чыгармалары өзүнүн баасын алат.

Ошондой эле бул күндөрү Анкарада өтүп жаткан түрк тилдүү элдердин маданият министрлери катышкан “Түрксой” уюмунун жыйынын 24-отурумунда Түркиянын президенти Абдуллах Гүл дагы дүйнөгө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жогору баалап, “анын эмгектери дүйнөлүк мааниге ээ” деген пикирин билдирген. Ошондой эле быйылкы жыл Кыргызстанда Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланганын Түркиянын президенти Абдуллах Гүл колдоого алуучу саамалык экендигин ырастаган. Айта кетсек ушул эле жыйында Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовго беш жылда бир берилүүчү “Түрксойдун” сыйлыгы да тапшырылган.

Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматовдун айтымында, Чыңгыз Айтматовду Кыргызстандын жазуучулар кошуну мурда дагы бир нече ирет Нобель сыйлыгына талапкер катары көрсөтүшкөн. Мурда Коммунистик партиянын мүчөсү болгону эске алынганыбы, айтор бир нече жолу сыйлыкты тапшыруу комиссиясынын элегинен өтпөй калган. Эми бүткүл түрк коомчулугу Чыңгыз Айтматовду кайрадан Нобель сыйлыгына көрсөтүп жатышы салмактуу жана барандуу сунуш, деп кошумчалады Казат Акматов.

-Түркиялык киночулар Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” аттуу чыргамасынын негизинде кинотасма тартышкан. Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме”, “ Жаныбарым, Гүлсары”, “Жамийла”, “Кылым карыткан бир күн”, “Чыңгызхандын ак булуту” жана башка чыгармалары Нобель сыйлыгына татыктуу. Ушул чыгармалардын бирине эбак эле ушул сыйлыкты ыйгарып коюшса болмок. Бирок кандайдыр бир себептер менен, балким коммунист болгонун эске алыштыбы, айтор бир нече ирет комиссиянын элегинен акыркы учурларда гана өтпөй калган. Эми бүткүл түрк тектүү коомчулук көрсөтүп жаткандыктан балким оң жагына чечилип калаар.

Чыңгыз Айтматов учурда Германиянын Нюрнберг клиникасында дарыланууда. Белгилүү жазуучу Татарстанда өзү тууралуу тартылып жаткан “Кылымга тете күн” даректүү тасмасына тартылып жаткан учурда 16-май күнү бөйрөгү ооруп, Казандагы республикалык ооруканага жаткырылган. Чыңгыз Айтматовдун абалы оорлой баштаганда 19-майдын түнүндө Германиянын Нюрнберг клиникасына жеткирилген.

Чыңгыз Айтматовдун саламаттыгы боюнча өлкөнүн саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев немис дарыгерлер менен байланышканын айтып, жазуучунун абалы мурдагыдай эле бир калыпта, дале оор экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Москвалык дарыгерлер Чыңгыз Айтматовдун оорусуна “септикалык шок же кандын инфекцияланышы, эки тараптуу пневмония жана бөйрөктүн чукул начарлашы” деген диагноз коюшкан. Германиялык дарыгерлер менен байланышканымда Чыңгыз Айтматовдун абалы оор эле дешти. Дале бир калыпта оор абалда жатат. Жакшы болуп кетет деп үмүт кылып турабыз.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов 1928-жылы Талас облусунун Шекер айылында туулган. Айтматов “Иностранная литература” журналынын башкы редактору, Киноишмерлер кошунунун төрагасы жана башка жооптуу кызматтарды аркалаган.

1994-жылдан 2008-жылдын башына чейин Франция жана Бенилюкс өлкөлөрүндөгү Кыргызстандын элчиси болуп иштеген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG