Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

Он жылга жакын убакыттан бери кыргыз-кытай темир жол --> http://www.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/01/63cc05e6-558b-491a-8914-4547000af9cc.asp курулушу тууралуу кеп болуп келатат. Курулуштун техника-экономикалык негиздемеси өкмөткө тапшырылып, анын жыйынтыгы күтүлүүдө. Чоң курулуштун негизги маселеси - каржы булагын кайдан табуу зарылдыгы бул ирет да өкмөттүн баш оорусуна айланууда. Ортодо Терексай кендерине кызыккандар көбөйүүдө.

Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги, Балтика боюндагы өлкөлөрдүн, Болгария, Финляндиянын темиржолчулар кеңешинин катышуучуларынын алдында Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев Европа менен Азия ортосундагы катнашты жакшыртуу зарылдыгына токтолуп сөз сүйлөдү.

- Талкуу учурунда айтылган ойлор менен сунуштар соңунда келип Европа менен Азия ортосундагы унаа катнашын жакшыртууга алып келет. Анын натыйжасында өлкөлөрдүн экономикалык турмушу жакшырат.

Эки континент ортосунагы кыска темир жол куру идеясы бүгүн эле минтип козголуп жаткан жери жок. Бул идея 19-кылымда эле чоң өлкөлөр тарабынан козголуп, бирок да аркыл саясий-экономикалык жагдайлардын айынан анын ишке ашуусу мүмкүн болбой келген.

Жаңы кылым башталар чакта эле Кытай Кашгарга чейин темир жол курууга үлгүрдү. Бирок да Тынч океаны менен Европанын ортосундагы эң кыска катнаш жол проблемасы Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда чечилбей, талаштуу маселе темир жол Кыргызстандын кайсы тарабы аркылуу өтүшүнө байланыштуу чыкты.

Кыргызстан үчүн Жалалабат-Казарман-Торугарт темир жол курулушу маанилүү. Ошол эле убакта ал коңшу өлкө Өзбекстан үчүн да өзгөчө керек. Кыргыз өкмөт башчысынын мурдагы орунбасары Базарбай Мамбетовдун ырасташынча, Өзбекстан үчүн жолдун кайдан өткөнүнөн да курулуштун тезирээк башталышы маанилүү. Анын үстүнө расмий Ташкен маселенин кыйлага чечилбей келишинен тажады шекилдүү, жакындан бери курулуштун башталышына куштар экенин жарыя кылууга өттү.

- Ошондуктан кандай болгон күндө да Кыргызстан аркылуу чыгат да. Түндүк вариантына ошондон И.Каримов макул болду го деп ойлоп жатам, - дейт Б.Мамбетов.

Ошентип кыргыз-кытай темир жол куруу идеясы кайрадан жанданып, курулуштун техника-экономикалык негиздемеси кыргыз өкмөтүнө тапшырылганын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Нариман Түлеев маалым кылды.

- Бүгүнкү күндө аябай орчун маселебиз кыргыз-кытай-өзбек темир жол курулушу болуп жатат. Ошол маселе боюнча бүгүн В.Якунин (“Орусия темиржолдору” ачык акционердик коомунун жетекчиси.- Ред.) менен да сүйлөштүк. Орусиянын оюн да уктук. Алардын бизге ою жаман эмес. Темир жол курулушунун техника-экономикалык негиздемесин бүгүн өкмөткө, президентке бердик. Темиржолго Терексай кендерин берсеңер биз аны өзүбүз куруп, андан тышкары түндүк-түштүктү кошобуз деп жатабыз. Ушул пландарыбыз.

Терексай кенин кепилдикке коюп темир жол салуу демилгеси мындан мурда да козголгон. Н.Түлеев Терексай кени эч качан күрөөгө коюлбастыгын, кендин өзү 2 миллиард долларга бааланарын, эгер ал күрөөгө коюлса ашып барса 500 миллион доллар акча берилерин билдирди.

Анткен менен Кыргызстандагы көпчүлүк алтын кендеринин лицензиясына кытайлыктар ээлик кылышат. Геология-минералогия илим доктору, профессор Кубат Осмонбетовдун маалымдашынча, алар Терексайдагы пайдалуу кендерди кыйгас иликтеп, Кыргызстандын табигый байлыктарынын баасын так билишет.

- Кытайлыктар өзү Терексайда иштеп жатышпайбы. Геологиялык иштер жасашууда. Терексайда алтындын кени бар. 20 тонна. Анан да Терексайда сурманын кени бар.

Н.Түлеев өзүбүз иштетебиз деп жаткан кендердин кыскача таржымалы ушундай.

Ал эми кыргыз-кытай темир жолу өтчү тоо арасында да биртоп ири кендердин запасы бардыгы аныкталган, дейт К.Осмонбетов.

- “Түпкүрдө” алтын бар. Анан жанагы фарфорго пайдаланган “волостанит” деген бар. Анан “Жамандаганда” “Туруктун” кени, анан да “Туурасуу” деген кен бар. Тиги “Торугарттын” жанында “Торугарт” деген аз изилденген көмүрдүн кени бар.

Кыргыз-кытай темир жолу салынып калса Тынч океандан Европага барчу жол 8 миңден 15 миң чакырымга чейин кыскармакчы. Эки ортодо курулган темир жол акысынан эле Кыргызстан бюджетине жылына 200 миллиондон кем эмес доллар акча казынага түшөрү аныкталган. Андан да маанилүүсү - Кыргызстандын Каракече көмүр кенине поюз каттап, ал андан Балыкчы шаарына түшмөкчү.
XS
SM
MD
LG