Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

БОРБОР АЗИЯ: МИГРАНТТАР КАТАРЫ ДАГЫ ТОЛУКТАЛАТ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага Борбор Азия жумуриятында жылына жүз миңдеген улан-кыз орто мектепти бүтүрүп чыгат. Аймакта акыркы жылдары университеттердин саны арбыган. Бирок окуу жайды аяктагандарга өз кесибинде алымсындырган айлыгы бар жумуш табуу кыйынырак. Ушундан улам мектепти бүтүп-бүтпөй жатып башка өлкөгө иш издеп --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/D3B947F0-6F5E-45EC-B93C-88412FD30B12.asp кеткендер көбөйүүдө.

Мурадил аттуу өзбек жигиттин университетте билим алып, дипломго ээ болуу тууралуу жакшы тилеги бар. Бирок ал азырынча акча табуунун камында жүрөт.

Мурадил Өзбекстандын Анжыян облусундагы мектептердин бирин быйыл аяктамак эле. Адатта Орусия менен Казакстанга мигранттар барган маал апрель-май айларына туура келет. Мурадил эрте жазда мектептеги окуусун таштап, аттестат ала электе айылдаштарына кошулуп Казакстанга баса берген.

Ошентип Мурадил азыр Казакстандын Чимкент облусунда иштеп жатат. Ал ата-энесине акча салып турат жана окуусун улантуу үчүн каражат топтогусу келет:

- Билим алыш үчүн акча керек. Менин окуу үчүн акча топтоюн деген оюм бар. Буюрса менчик университетте болсо да окуумду уланта алармын.

Мурадил сымал, өзгөчө айылдык мектепти бүткөн көптөгөн улан-кыздар көр тириликтин айынан догдур, мугалим, илимпоз-инженер болуу жөнүндөгү кыялдарын жыйыштырат же болбосо таптакыр баш тартат. Аларды азыр Орусиянын жана Казакстандын курулуш, айыл чарба тармактарынан же болбосо соода-саттык иштеринен жолуктурууга болот.

Акыркы убакта окуу жайлар Борбор Азияда бардык аймактарында ачылып калган. Университеттердин окуу пландарына көз жүгүртө турган болсоңуз сабактардын түрүн көрүүгө болот. Алардын айрымдары мурунку Совет доорунда тандалма гана окуу жайларда өтүлөөр эле.

Эми кыйраган совет доорунан айырмаланып жогорку билим алуу бекер эмес. Атүгүл мамлекеттик окуу жайларда да студенттер окууга тапшырып жатканда сынактык экзамен үчүн акча төлөшөт.

Жумушсуздук маселеси - мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн университетке тапшырбай жатышынын олуттуу себеби. Чынында Борбор Азияда дипломду адистердин өз кесибинде иш таппай кара жумушка кетиши кадимки эле көрүнүш.

Өзбек мугалими Шакиржан Муминов өз байке-эжелеринин университетти бүткөндөн кийин жумуш таппай жүргөнүн көргөн окуучулар окуу жайда бекер убакыт өткөргүлөрү келишпейт, деген пикирин ортого салды:

- Биздин мектепте 8-9-кластты бүтпөй жатып эле Орусияга Казакстанга иш издеп кеткендер бар.

Муминовдун айтымында, көптөгөн адамда окуу жай бекерпоздордун жана акчасы көптөрдүн жайы деп эсептешерин айтат. Алар бул айткандарын дипломдуу адистер курулушта иштеп, базарда араба түртүп жүргөнү менен түшүндүрүшөт.

Бирок жаштар үчүн азыркы кырдаал өтө деле жаман эместей. Улуу муун заманынан айырмаланып, азыр Борбор Азия жаштары үчүн башка өлкөлөрдө сапаттуу билим алып, жакшы жумуш табуу мүмкүнчүлүгү чоң. Бул жатта көптөгөн мамлекеттик жана эл аралык программалар бар. Айтор аракет кылса берекет болчудай.

XS
SM
MD
LG