Линктер

дүйшөмбү, 27-март, 2017 Бишкек убактысы 05:20

Грузия БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын чакырууну талап кылууда


Грузия бул жолугушууда жикчил Абхазиянын аба мейкиндигинен учкучсуз учагынын атып түшүрүлүшүн талкуулагысы келет. Россиянын БУУдагы өкүлү Виталий Чуркин орустар бул жолугушууга каршы эместигин, бирок Абхазиянын өкүлү чакырылбагандыгы “иренжитчү” көрүнүш экендигине басым жасады. Коопсуздук Кеңештин жыйыны бүгүн өтөт деп күтүлүүдө. Жакында Улуттар Уюму Абхазия аймагындагы грузин учагын Россия атып түшүргөн деген бүтүм чыгарган. Россиянын Коргоо министрлиги бул айтылгандарды четке каккан. 20-апрелде Грузиянын учкучу жок учагы атып түшүрүлгөндөн кийин Тбилиси Москваны айыптап, эки өлкө ортосундагы чатак ырбап кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG