Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49
Бүгүн Кыргыз эли өзүнүн чыгаан уулдарынын дагы бири, айтылуу да, атактуу да Дооронбек Садырбаев менен коштошуп жатат. Жаңы жарык көргөн гезиттердин баары өз ниеттерине жараша көңүл айтуу менен чыкты “Агым” гезити Д. Садырбаевге эки бетин арнаган жалгыз гезит болду. Көңүл айтуу башында: “Кадимки Докеден, чоң художник, чоң артист, режиссер, чыныгы атуул саясатчы Дооронбек Садырбаевдан айрылдык. “Эл, эл” деп эңгиреп ыйлап, сыздап, кайгырып, кубанып жүрүп жайнаган көзү жумулду, кайнаган жүрөгү токтоду. Айла канча, колдон келер бир ууч топурагыбыз менен кошо анын алтынга алмашкыс элесин жүрөккө сактайбыз. Өзүнүн “Кайран эл” калкы барда ал өлбөйт” деп каңырык түтөттү.

х х х

Кыргыздын дагы бир чыгаан азаматы Болотбек Шерниязов: “Докем эмне калтырды? Заңгыраган особняк салган жок. Айрым искусство адамдарына окшоп, башкаларга өлүмтүгүн артып, объектилерди менчиктештирген жок. Доке алдым-жуттум эмес эле. Анткени азыркы заман өнөр адамдарын да алдым-жуттумдукка көндүрбөдүбү. Доке өттү. Эми кыргыз аксакалдарынан эли-жерине күйүп, ачык сөзүн айта турган ким калды? Саясатта эл экиге бөлүнүп турганда, аларды ширетип турган, Түндүк-Түштүк биримдигин кармап турган. Доке биз менен Каркыра үчүн Түпкө барды эле ооруп турганына карабай. Түптөгү окуя да аны мертинтип койду. Аягына чейин күрөштү, бирок бу дүйнөдөн түңүлгөнсүп баса берди” деп айтты.

х х х

Ушул эле гезит жаңы санында эмгек ардагери Т. Козубековдун “Биригип өнүгөбүзбү же бытырап бөлүнөбүзбү?” деген макаласын, саясатчы Т. Сариевдин “Акаев бийлигин тууроо-кемчонтойлук” деген интервьюсун, эларалык эксперт Б. Мамбетовдун “Алтын алып тынга айланды жана “Арсыз- арызчыл болот” дешчү беле же радиону түшүнбөй келип, түшүнбөй кеткен Марип Тайчабаров” деген макалалар жарык көрдү. Акыркы макаланын авторлору биз өткөн уктурууларыбыздагы баяндамабызда сөз кылган Улуттук радионунун ишинен бошоп кеткен журналисти Марип Тайчабаровдун айткан-дегендерине каяша кылган жооп катарымакала менен чыгышкан. Аягына Улуттук радионунун кызматкерлери А.Кумаев, М.Ибрагимова, Т. Чабдарова, Ф. Мамасалиева тизмесин баштаган 30 киши кол койду деп жазылган.

х х х

“Жаңы кылым” гезити президент бийлигин мындан ары да чыңдоо, оппоненттерин баш көтөргүс кылып жакшылап жеңүү максатында, ошондой эле алардын талаптарын аткаруу менен мөөнөтсүз президенттик шайлоого бара тургандыгын, ал анысын “Кыргызстандын президенти 5 жылдык мөөнөт менен 2 жолу шайлана алат” деген эски Башмыйзамдын ушул жазуусун жана “Мен деген элдик революция аркылуу келгемин, эми жаңы Конституцияны урматтоо менен экинчи ирет шайланууга укуктуумун” дегендерди негиз кылып аларын, шайланып алып... анан казак менен өзбек президенттеринин жолуна өтөрүн баяндады.

х х х

“Жаңы ордо” гезити “Президент Бакиев бүгүн чоң реформаларды баштады, ошондуктан М. Садыркулов менен А. Мадумаров өз көмөчтөрүнө күл тартпай жеке амбицияларын таштап, президенттин идеяларын колдоп, мамлекет башчысынын жеңилин жерден, оорун колдон алып, өбөк-жөлөк болуулары керек эле” деди “Медет жана анын командасы же Мадумаровдун отставкасы парламент кризисин токтотобу?” деген макаласында.

х х х
“Кыргыз туусу” гезити ушу кезде Кыргызстанда исламдан башка 270 тен ашуун уюм 23 багытта иш жүргүзөрүн, булардын көбү протестанттар экендигин, аларга таандык 200дөн ашуун сыйынуу жайлар барын... Акыркы маалыматтар боюнча өлкөдө 1 жарым иңге жакын миссионерлер өз диндерин үгүттөп келатышканын, он жылдай убакыт ичинде 3 миңдей кыргыз ар кайсыл диндерге өтүп кетишкенин, бирок муну өтө эле трагедия кыла берүүнүн зарылдыгы жогун сөз кылды “Кыргызстанды диндик бөлүнүп-жарылуу бөлөбү?” деген макала автору Папан Дүйшөнбаев.

х х х

“Кыргыз руху” гезити ЖК төрагалыгына жаңы дайындалган Айтибай Тагаев деген аты-жыты билинбеген адам экендигин, аты билинсе да атың чыккпаса жер өрттө болуп, бандиттерди коргоп аты таанылган адам спикер болду десе киши ишенбестигин, аны президент өзү сунуштаганын белгилеп, “Президент деги өзү сообу?” деген суроону койгон.

х х х

“Аалам” гезити “Чокой илме саясат” деген рубрика алдында мурдагы төрага А. Мадумаровдун кетишин, жаңы төрага болуп атын көпчүлүк билбеген Айтибай Тагаевдин келишин жана ага карата алгачкы ой-пикирлердин топтомун сунуш кылды. Анда ушуга токтололу. Саясат иликтөөчү Т. Какчекеев, бүгүнкү күндө өлкө башчысы жогорку кызматтарда иштебеген, саясый чөйрөдө таанылбаган, белгисиз, эрки-жүүнү бош адамдарды алып жаткандыгын, мунун дагы бир мисалы Коргоо министрлигинин башына аскер Академиясын же башка аскерий окуу жайын бүтүрбөгөн адам келгенин, мындай кадрдык жүрүш өлкө үчүн жакшылык алып келбестигин айтса, дагы бир саясат иликтөөчү Н. Омаров, Мадумаров өзүнүн ашынган амбициясынын курмандыгы болгондугун, депутаттыкты каалабастыгын, ошондуктан президент анын саясый ызасын басыш үчүн башка бир даражалуу кызмат сунуштарын, ал эми Айтибай Тагаевди өз ыгынан чыкпаган, ыңгайлуу саясатчы катары тандап алганын айтты. Академик А. Эркебаев болсо, бул деген президенттик шайлоого даярдыктын башталышы, ошон үчүн президенттикке талапкерлигин коюшу мүмкүн дегендерди ээрден эмитеден шыпырып түшүүнүн жолу деп мүнөздөдү.

х х х

Ушуга улай эле аталган гезит экс-төраганын интервьюсуна башкалардан озунуп орун берди. А. Мадумаров анысында азыр эс алгысы келип турганын, саясый багыты жакын арада белгилүү болорун, ЖКны жаңгак жыгачы менен менен жасалгалоо анын идеясы эместигин, бирок ал адамдын атын айтпастыгын, анын кызматтан кетирүүгө жаңгак уюлу жөн гана шылтоо болгонун, оппозицияга ообай турганын, президент менен жолугуп эмне жөнүндө сүйлөшкөнү сыр бойдон каларын, айтылып жүргөндөй өзү эч кандай топторго кошулбастыгын, андай топторду билбей да тургандыгын айтуу менен “Жогорку Кеңешти ремонттоо зарыл беле? Былтыр же ремонт болбоду беле?” деген суроого:”Чет өлкөгө чыксаңыз көрөсүз. Мен башкасын айтпайын, биздин туалеттерге да кирүүгө болбойт” деп жооп берди.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG