Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:57

Бейшемби күнү Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров кызматынан алынып, анын ордуна депутат Айтибай Тагаев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/E287809B-5462-4461-87B9-411971FDF091.asp төрага болду. Ушуну менен бир апта бою уланган парламент чатагына чекит коюлду. Ошол эле мезгилде президент Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясынын төрагасы катары Жогорку Кеңеш төрагалыгына чоң саясатта өзүн көрсөтө элек депутатты сунушташы көпчүлүккө күтүүсүз болду.

Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев өзү дагы төрага болуп калышын күтүүсүз окуя катары баалап жатат. Ошентсе да ал шайлоо алдында парламентте төмөнкүдөй билдирүү менен чыкты:

- Биз – 90 депутат баарыбыз биримдикте болушубуз керек, бир атанын баласындай же бир эненин баласындай болушубуз керек. Мына, буга чейин болбогон сөздөрдөн, болбогон жерден саясатташтыруу болду. Мен үчүн 90 депутат – баарыңыздар бирдейсиздер. “Ак жол”, Коммунисттер жана СДПК фракциясы. Мен баарыңыздар менен биргеликте, чогуу иштеймин. Менин тажрыйбам чындыгында өтө аз. Мына, ичибизде бир топ тажрыйбалуу депутаттар отурушат.

Айтибай Тагаев Жогорку Кеңештин депутаты болуп алгачкы жолу 2005-жылы шайланган. 2007-жылкы кезексиз шайлоодо парламентке экинчи ирет “Ак жол” партиясы аркылуу келди. Кесиби – экономист. Тагаев депутат болгонго чейин өндүрүштө иштеген. Кызылкыя шаарындагы курулуш материалдарын өндүрүүчү “Нур КМ” акционердик коомунун директорлор кеңешин башкарып келген.

Эки чакырылыштын депутаты болгону менен, Тагаевдин буга чейин чоң саясатта карааны байкала элек болчу. Президент Курманбек Бакиев “Ак жолдогу” 70 депутаттын ичинен төрагалыкка ушул талапкерди кандай негизде тандап алгандыгы коомчулукка дароо ачыкталган жок. Коомдук-саясий чөйрөдө буга Айтибай Тагаевдин өзгөчө дымагы жок, бийликке ийкемдүүлүгү таасир этти деген пикир арбын айтылууда. Мындай пикирин “Азаттыкка” бөлүшкөндөрдүн бири, саясат таануучу Нур Омаров болду:

- Ал президентке ыңгайлуу адам. Айрым эксперттер, саясатчылар деле туура айтып атышат: бул киши өзгөчө дымагы жок, ага жараша президентке ыңгайлуу киши экени анын артыкчылыгы болду.



Президент сунуштаган талапкерди жактагандардын бири, саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо буларды айтты:

- Өзүнүн ою, тажрыйбасы бар жигит. Бизде ушундай бир ой жүгүртүү калыптанып калган. Каңкылдап чыгып эле, араккана, пивокана, чайханаларда ошону сүйлөшөт дагы, а тиги Айтибайлардын комитетте конкреттүү иштерди бүтүрүп аткан менен алардын иши жок. Айтибай оппозицияны да, позицияны да канагаттандырат деп ойлойм. Сөзсүз эле тилинен чаң чыккан бирөө болуш зарыл эмес.

Бир топ дымактуу саясатчылар тажрыйбасы жок саясатчыны Ак үйдүн ыгы менен болот деген принцип менен гана отургузуп койду деп жатышат. Бул жагынан “Ак жол” укугун жеке өз кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланып, парламенттин табиятындагы көз карандысыздык принцибин ойлобой жаткандыгы айтылууда.



Социал-демократтар фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов мындай кадам системалык катачылыктарга алып бараткандыгын эскертти. Ушул эле фракциянын мүчөсү Роза Отунбаева белгисиз депутаттын төрага болуп келиши жалпы эле мамлекеттин кадр саясатында болуп көрбөгөндөй катачылыктар кетип жатканын дагы бир жолу далилдеди деп тынчсызданды:

- Азыр деңгээл деген сөздүн мааниси жок болуп калды. Кайсы дайындоону алыңыз өзүнүн уруусунан болушу керек экен, лоялдуу, берилген болушу керек экен. Туугандары, биртуугандары кеңеш берип эле дайындалып атпайбы азыр. Мына, акыркы дайындоолорду карап көрсөңүздөр, Коргоо министрлигин алалы, мисалы, сакчы эле жигит министр болуп отурат. Кыргызстанда министр, спикер деген өңдүү түшүнүктөрдүн куну кетти. Мен ушинтип эсептейм. Анткени мындай чоң позицияларда кайсы өлкө болбосун, такшалган саясатчы, элге белгилүү адамдар болот.

Роза Отунбаеванын баамында, бийликтин үч бутагынын биринин башына ушундай тажрыйбасыз адамды коюу мамлекеттин кадырын түшүрүүгө тете иш болду. Ошол эле мезгилде бир топ байкоочулар Тагаев Мадумаровдон айырмаланып, парламенттин ичинде чыр-чатакка ыктаган маанайды тынчытат дешип, буга чейин эл алдында өзүн көрсөтө элек жаңы төраганын мүмкүнчүлүгү мындан кийинки аракеттеринен көрүнөт деп үмүт артышууда.



Ошол эле мезгилде Мадумаровдун парламентте депутат болуп калары же президенттин карамагында аткаруу бийлигине кетери белгисиз бойдон турат. Анын партияда калары да арсар. Мадумаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ал оппозицияга да кошулбайт:

- Мен оппозицияга кетейин деген оюм жок. Мен андай кадамдарды көп эле жактыра бербейм.

Адахан Мадумаров Кыргызстандын тарыхында чыр-чатактын айынан кызматынан ажыраган алгачкы төрага эмес. Мындай жагдайга кирептер болгон эгемендиктен кийинки Жогорку Кеңештин төрагалардын катарында Мукар Чолпонбаев, Өмүрбек Текебаев аталып жүрөт.

Ошол эле мезгилде кыйла талдоочулар бардык учурда чыр-чатак менен коштолгон төрагалардын кызматтан кетүү жагдайларын бири-бири менен салыштырууга болбойт дешет. Алардын ичинен кызматтан кетүү маселесин өздөрү көтөргөн Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Текебаевдин маселесинде да олуттуу айырмачылык бар. Мындай пикирин “Азаттыкка” талдоочу Айылчы Сарыбаев билдирди:

-Текебаевдин убагында парламенттин ичинде деңгээли бийик топ болгон. Булар кандайдыр бир деңгээлде Кыргызстандын прогрессивдүү өсүшүнө мүмкүнчүлүк түзүп келген. Текебаевдин кетишинде ошол кездеги күчтүү адамдарды Кыргызстандын саясатынан сыртка сүрүү аракети болгон. Ал эми Адахандын кетиши эч кандай өзгөртүүгө деле алып келбейт. Эч нерсеге таасир бербейт. Бул жерде саясат да жок. Ал жерде жөн гана кошомат кылган эки кишинин бирин-бирине алмаштырып койду.

Акыркы окуяны талдаган көпчүлүк байкоочулар президенттин карамагындагы бир партия үстөмдүк кылган азыркы парламентти көп кырдуу саясий күчтөрдөн турган мурдагы парламенттин табиятына салыштыруу мүмкүн эмес дешет.



Эгемендиктен кийинки Кыргыз парламентинин башында болгон инсандардын өзгөчөлүктөрү, өксүктөрү, акыркы парламенттеги чыр-чатактын себептери тууралуу оюн “Азаттык” менен Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышын төрагасы Абдыганы Эркебаев бөлүштү.

”Азаттык”: -Ушу төрагалык ар бир парламентте чоң маселе катары тынымсыз талкууланып келатат. Мунун себеби эмнеде? Эмне үчүн ушундай келишпестиктер пайда болот?

Абдыганы Эркебаев: -Эми тарых, анан тагдыр ушундай болду, 1990-жылдан берки кыргыз парламентинин тарыхый жолу көз алдымда. Бир четинен мен сыймыктанам, канааттанам. Ушул жылдары жалгыз гана мен эки палатаны тең акыркы мөөнөткө чейин чыгардым.

Атүгүл ашынган айлакер, куу деп эсептелген Медеткан Шеримкуловичтен баштап, калган дээрлик баары аягына чыгара албай, бир чети саясий күрөштүн айынан, экинчи чети өздөрүнө мүнөздүү кемчиликтерден эрте кетип калбадыбы. Парламентте кризис болуп, атүгүл парламент тарап кеткен учур болбодубу, Шеримкулов, анан Марат Султанов төрага болуп турганда. Ушундай кырдаалда мен үч жагдайды айтып кетким келет.

Төрага деген албетте, биринчиден, кызматы боюнча абдан чоң адам. Кыргызстандын Конституциясы боюнча – экинчи адам. Ага көз арткандар, анын ордуна болсом дегендер такай болуп келет. Президент дагы ичинен карап отурат, качан төрага менин ордумду басып алганга аракет кылат деп. Мен муну башымдан көп эле өткөргөм. Ошондой шартта өтө кылдат, өтө билгич, керек болсо дипломат болуу керек. Парламенттин табияты ушундай, бардык депутаттардын статусу бирдей, ошонун ичинен моралдык жактан сен тажрыйбаң күчтүү болуп, саясий кадыр-баркың болсо гана лидер болушуң ыктымал.

”Азаттык”: -Абдыганы мырза, айтсаңыз, эмне үчүн президент Айтибай Тагаевдин талапкердигин көрсөттү?

Абдыганы Эркебаев: -Жаңы эле телевизордон көрүп, сен берген суроо оюма келди. Муну ачык айтыш керек, Айтибай Тагаев менен бет маңдай жолуккан киши эмесмин. Анын кыйын экенин билген киши эмесмин. Билгеним – Кызылкыяда бизнес кылып жүргөн киши болчу. Ушуну менен экинчи ирет депутат болду. Ачык эле айтыш керек, Текебаев кетти, Султанов кетти, андан кийин Мадумаров кетти. Булар кантсе дагы элге таанылган, көрүнүктүү саясий инсандар болчу.

Президентке, Ак үйгө дымагы жок, элге кеңири белгисиз, айтканы-айткандай, дегени-дегендей аткарыла турган – түштүктө, чыгышта “ляппай” деп коет – демек, Адахан сыяктуу күчтүү дымагы жок адам керек болуп, ошону шайлашты деп ачык эле айтыш керек.

”Азаттык”: -Адахан Мадумаров канткен менен көрүнүктүү саясатчы. Анын келечегин кандай элестетесиз, президент менен бирге болобу же бөлүнүшу мүмкүнбү?

Абдыганы Эркебаев: - Мен Адахандын ушундай абалда калганына өкүнөм. Анткени, анын бүткүл өмүр жолу менен көз алдымда. Аны саясатка аралаштырган мен болдум эле. Университетти жаңы бүтүп келгенде, ыраматылык Салижан Жигитовдун өтүнүчү боюнча жардамчы кылып алып, канча жыл чогуу жүрдүк. Адахан дээринде бар чечен, саясий ишке ыктуу болчу.

Мен кемчиликти такай айтчу элем, “сүйлөгөн саясат менен иштин айырмасы болот. Сен ушуну эртелеп бил да, карман. Айткан сөздү аткара бил, өтөсүнө чыга бил. Ойлонуп сүйлө, ооз менен орок оргондой болбой ар бир сөзүңө жооп бер, жоопкерчиликтүү бол” деп айтаар элем. Тилекке каршы... Эми жаш деле болбой калды, 43кө чыкты. 40тан кийин адам токтолушу керек. Ушу чечендиги ашып кетип, кескин сүйлөгөн сөздөрү кемчилик болчу.

Менимче бул убактылуу көрүнүш. Адахан аны туура көтөрүп, сабак алып, чүнчүбөстөн аракет кылышы керек. Менин улуу ага катары кеңешим: мындай болгондон кийин ал депутаттыгын да таштап, “Ак жолдон” да кетип, бир аз эс алып, эки-үч ай ойлонуп, анан башка жолун тандаса жакшы болмок.

”Азаттык”: -Оппозиция өзүнө тартышы мүмкүнбү?

Абдыганы Эркебаев: - Оппозиция да, бийлик да өзүнө тартышы ыктымал. Анткени, ал жөн киши эмес. Кайсы жагына тартып алса, ошол жакта сөзсүз өзүнүн көмөгүн тийгизет.

”Азаттык”: -Маегиңизге ырахмат.

Ошентип өтүп бараткан апта Жогорку Кеңештин төрагасын алмаштыруу жана ага байланышкан талаш-тартыштар менен аяктады. Бир фракциянын ичиндеги талаш-тартыш катары санаган талдоочулар муну өлкөнүн жалпы саясатына кедерин тийгизе турган саясий кризис деп аташкан жок.

Ошол эле мезгилде көз карандысыз талдоочулар Мадумаровдун “балалык оорусунан” пайдаланган президент кадрдык бир топ өзгөрүүлөргө баруу аркылуу кубаты канчалык экендигин өзүнө кыя караган бардык саясий чөйрөлөргө эскертти деп жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG