Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:21

11:58 Президент ЖКнын жаңы төрагасын куттуктады


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев бүгүн ЖКнын жаңы шайланган төрагасы Айтибай Тагаевди кабыл алып, анын бул жогорку кызматка шайланышы менен куттуктады. Президент ошондой эле төраганын регламентти бекем сактоо жана бардык депутаттарга бирдей мамиле жасоо боюнча демилгесин колдоп, депутаттарды фракцияларга, өз жана өзгө деп бөлүү туура эместигин белгиледи. Төрага Айтибай Тагаев болсо президентке ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, эл алдында Жогорку Кеңештин кадыр-баркын көтөрүү үчүн колдон келишинче аракет жасаарын белгиледи. Айтибай Тагаев кечээ көпчүлүк добуш менен ЖК төрагалыгына шайланган.(SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG