Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:12

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Өлкөдөгү соңку саясий кырдаал, парламенттин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/E287809B-5462-4461-87B9-411971FDF091.ASP иш-аракети, депутаттардын андагы орду тууралуу “Азаттык” үналгысына Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов маек куруп берди.

-Иса мырза, өзүңүз жакшы билгендей, кечээ Жогорку Кеңештин төрагалыгына “Ак жол” фракциясынын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Айтибай Тагаев көпчүлүк добуш менен шайланды. Айтибай Тагаев ошол эле замат журналисттерге айткан сөзүндө төрага болуу сунушу ага күтүүсүздөн берилгендигин айтты. Чынында эле мурдараак “Ак жол” фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкерлер аталып жатканда анын аты аталган эмес. Сиздин баамыңызда, кандай себептер менен фракция ушул чечимди колдоду?

-Бул маселе боюнча президенттин өкүлү биздин кечээ күнкү жыйынга келип, бул президенттин сунушу деп түз эле айтты. Ошол сунуш киргизилгенден кийин “Ак жол” фракциясы кечээ күнү толугу менен кодоого алды.

-“Бул парламент добуш берүү машинесине гана айланып калды. Эч кандай өзүнүн пикири жок” деген сын-кептер көп айтыла баштады. Өзгөчө Адахан Мадумаровдун айланасында болгон окуядан кийин көбүрөөк курчуп кетти окшойт. Сиз иштеп жаткан ушул парламенттин иши өзүңүздү канааттандырабы? Анткени мурдагы чакырылыштарда дагы парламент депутаты болуп иштеген элеңиз.

-Албетте бүгүнкү биздин парламентте бир катар маселелер талкуусуз, же болбосо кыска мөөнөттүн ичинде, маңызына жетпей көп мыйзамдар кабыл алынып кетүүдө. Ага биринчиден, албетте, мурунку спикер дагы ошондой шарт түзүп келген.


Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаров


Мисалы, Социал-демократтар жана Коммунисттер фракцияларынын добушу бириккен күндө дагы бул көп нерсени чече албайт. Ошого байланыштуу өкмөт тараптан сунушталган мыйзамдар, кандай гана чечим болбосун, бүгүн толугу менен кабыл алынып жатат.

-Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Адахан Мадумаровдун кызматтан кетүүсү тууралуу бир аптадан ашык убакыт бою түрдүү кеп-сөздөр айтылды. Кечээ анын ордуна депутат Айтибай Тагаевдин шайланышына карата дагы түрдүү пикирлер бар. Айрымдар президент мамлекеттик экинчи кызматка өзүнүн айтканын эки кылбай турган кишини алып келди, деген пикирлерин айтып жатышат. Сиздин ушуга карата пикириңиз кандай?

-Менимче, буга чейинки спикер Мадумаров дагы бир айтканды эки кайталаткан жок. Бирок Мадумаровдун кетип жатышына байланыштуу маселенин жабык жыйында талкууланышы бизди канааттандырган жок. Ачык-айкын элге жетсин деген ой болду эле. Бирок тилекке каршы ал жерден дагы бул маселе талкуусуз каралды. Бул албетте ар кандай ойду туудурат. Биз анын себептерин билип, суроо берели дегенбиз. Бирок андай мүмкүнчүлүк болгон жок. Ошон үчүн кечээ ушундай чечим кабыл алынды.

Ал эми бир партия болсо дагы, кандай гана орчундуу маселе болсо дагы парламентте талкууланып өтүш керек. Эгерде колдогон күндө дагы сунушталып жаткан мыйзамдын маңызын чыгарып, анын маанисине баа берип, же болбосо толуктоо-өзгөртүүлөрдү киргизип, анан кабыл алынса жакшы болот эле.

Албетте президент сунуштаган талапкери өзүн уксун деп ойлойт да. Өзүңүздөр билесиздер, радио-телевидение боюнча мыйзамды биздин комитет сунуштап, парламенттик угууга чыгарып, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн бардыгын чакырып, мыйзамды жакшылап талкуулап, аягына чыгарып, анан кабыл алалы деген ойлор бар эле. Тилекке каршы андай шарт түзүлгөн жок. Бул дагы ошол бир тараптуу мамиле үчүн чыгып жатат.

Кабыл алган мыйзамга бардык массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү толугу менен каршы болуп жатат. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, 50 пайыздан аз эмес өз продукцияны эфирге чыгаруу жана 50 пайыздан эмес мамлекеттик тилде чагылдыруу үчүн мүмкүнчүлүк жок. Менимче, мамлекеттик телерадио каналдарда дагы андай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан бышпай калган, чийки ушундай мыйзамдар кабыл алынып калууда.


Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы Айтибай Тагаев

-Дал ушундай бийликке керек болгон мыйзам долбоорлору же болбосо жакында парламент ратификациялап берген чегара жана пансионатка байланыштуу мыйзам долбоорлорунун өтүп кетиши тууралуу дагы азыркы парламенттин дарегине көп сын-пикирлер айтылып жүрбөйбү. Мурдагы спикер Өмүрбек Текебаев эки күн мурун “Азаттыкка” берген маегинде “азыркы партиялык система менен келген депутаттардын абалы өтө аянычтуу болуп калды. Алар оор, катаал кырдаалга коюлган” деп билдирди. Анын айтымында, партиянын аракетине каршы чыгып, өзүнүн пикирин айткан депутаттарды мандатынан ажыратып, керек болсо түрмөгө камак коюшат. Депутат катары айтсаңыз, ушул парламенттик азыркы системаны өзгөртүүнүн зарылчылыгы барбы? Бул үчүн мезгил келдиби?

-Күн алыстаган сайын ушул маселенин башынан эле туура эмес болгонун көрүп жатабыз. Албетте чегара, пансионаттар жана дагы башка маселелер көтөрүлгөндө сунушталган вариант толугу менен өтүп жатат. Албетте бир партияга атаандаштыктын болбогонунан, кайчы пикир айта турган фракциялардын санынын аздыгынан улам ушундай моно-парламент болуп жатат. Ошого байланыштуу бардык маселелер толугу менен өтүп жатат. Албетте бул прогресс эмес, бул алдыга жылуу эмес. Бул биздин мамлекетибиздин демократиядан чегип жатканынын белгиси.

-Сиздердин Социал-демократтар партиясынын тартиби кандай? Мисалы, сиздердин партиянын пикирине каршы пикирин билдирип чыккан депутатттарды мандатын алып коюп, “жазалоо” жагы кандайча каралган?

-Ар бир партиянын ичинде өзүнүн тартиби, жобосу бар. Албетте биз дагы бир мыйзам талкууланып жатканда өз пикирибизди айтабыз, көп учурда биздин пикирлер дагы келишпей калат. Ошондуктан ал пикирди дагы сыйлаш керек.

-Партиялык система менен парламенттик шайлоо өткөрүү эң эле демократиялуу жол деп айтылып келген. Бирок акыркы окуялар, азыркы парламент тууралуу айтылып жүргөн пикирлер чыныгы иш жүзүндө андай эмес экендигин ырастап койгонсуду. Эми кандай система тандалса бийлик үчүн эмес, эл үчүн жакшы болот деп айта аласыз?

-Кыргызстандын өзүнүн эегемендүүлүгүнө 15 жылдан ашты. Ошондон бери депутаттардын мөөнөтү аяктап калганча эки жолу таратылды. Мындай бир дагы мамлекетте болгон эмес. Андан тышкары башында бир мандаттуу система менен шайланып келгенбиз. Кийин партиялык тизме менен да ар бир эки жыйындын ар бирине орун берилген, анан кайра артка карай кеттик, эки палаталуу болдук.

Өкүнүчтүүсү бүгүнкү күнгө чейин бир системага келе албай жатабыз. Бир системага келе албагандан кийин мыйзам чыгаруу бийлигинин алсыздыгы, мыйзам чыгаруу бийлигине маани бербөө болуп жатат.

Өткөн шайлоо демократиялуу болуп, ага катышкан партиялардын бардыгы тең мыйзам бузбай шайланса, бүгүнкү парламенттеги көп орундар башкача бөлүнөт эле. Ошондой болбой калды. Эми келечекте кайра башка системага өтө турган болсок, анда бул аралыкта иш жүгүрткөн аракеттердин бардыгы текке кетет. Бул жерден мурдатан пландаштырылып жаткан иштердин бардыгы жокко чыгарылат.

Бул системаны өркүндөтүү үчүн мезгил талап кылынып жатат окшойт. Менин оюмча 50 пайызы бир мандаттуу шайлоо болсо, калган 50 пайызы партиялык тизме менен болгондо кичине белдүү парламент болот беле деген үмүт бар.



-Кээ бир саясатчылар мындай партиялык тизме менен демократиялуу түрдө парламенттик шайлоо жүргүзүү Кыргызстанга окшогон өлкөгө, биздикиндей бийлик турган өлкөгө кереги жок, жарашпайт, деген пикирлерин айтып жүрүшөт. Буга кандай карайсыз?

-Ар кандай пикирлер жаралышы мүмкүн. Бирок бир эле адам башкаруу эмес, парламенттик башкаруу болгондо биз өнүгүп-өсөт элек. Мисалы, Европадагы өнүккөн мамлекеттердин бардыгында парламенттик башкаруу бар. Бир адам кабыл алган чечим субъективдүү болуп калышы мүмкүн. Эгерде орчундуу маселени толугу менен 90 киши талкуулап бир чечимге келе турган болсо, ошол чечимге маани берип, туура кабыл алууга толук шарт түзүлөт. Ошондуктан мен ойлойм, бул келечек - парламенттик мамлекетте.

- 2006-2007-жылдары ноябрь-апрель айларында өткөн митинг учурунда сиз деле эл арасында жүрдүңүз. Ошол кездеги оппозиция бийликтен башкаруу системасын өзгөртүүнү талап кылып, чоң митингдерди өткөрүп, аянтта эл кылкылдап турду эле. Бирок ошол кезде бийлик көңүл бурумуш болгону менен, кийин убакытта өзүнө ылайыктап, атүгүл ашыра кайрадан өзгөртүп албадыбы. Жакын арада Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өтөрүнө көзүңүз жетеби?

-Мына, демократия дагы, пикир айтуу дагы кыйынчылыкка турууда. Ошондуктан эгерде жакынкы арада демократияны бузуп, же болбосо мыйзам бузуу жолу менен шайлоо боло турган болсо, өзгөрүү болбойт. Үмүт аз.

-Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG