Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:06

КАЙРАН ДОКЕ... (Сүрөт баян)


Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири, белгилүү коомдук-саясий жана маданий ишмер Дооронбек Садырбаев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/781A1E3D-6F5F-4C7B-93F8-11047E5CFF23.asp менен коштошуу расмиси бүгүн Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз академиялык драма театрында өттү. Дооронбек Садырбаев 27-майда Чүй облустук ооруканасына оор абалында түшүп, бир күн өтпөй каза тапкан. Садырбаев кийинки жылы 70 жашка чыкмак.









Дооронбек Садырбаевди акыркы сапарга узатуу расмисине мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол, биринчи вице-премьер Искендербек Айдаралиев баштаган расмий адамдар, коомдук-саясий ишмерлер жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.





Дооронбек Садырбаевди акыркы сапарга узатуу расмисин биринчи вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев ачып, анын өмүр-жолуна, мамлекеттик жана чыгарачыл ишмердигине токтолду. “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев болсо маркум Дооронбек Садырбаев өлкө жетекчилигинин жүргүзүп жаткан саясаты, коомдук-саясий окуялар боюнча дайыма чындыкты тайманбай так айтып келгенин белгиледи.



Белгилүү саясий ишмер Топчубек Тургуналиев болсо маркум кыргыз үчүн опол-тоодой иш жасаганын, анын бир жолу көрсөтүлгөн бойдон архивде жаткан “Кайран эл” тасмасын кийинки муунга улам-улам көрсөтүп туруу зарылдыгын айтты. Эскерүү расмисине баш-аягы миң чакты адам катышты.



Абройлуу саясатчы, кинорежиссер, Кыргыз Эл артисти Дооронбек Садырбаев менен коштошуу расмисинен кийин маркумдун сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду.









Кайран эр өтүп өмүрдөн
Капыстан жүрөк сөгүлгөн.
Кайып бир болгон тулпардын
Камчысы кайда өрүлгөн?
Каралдың кыргыз калк тургай,
Кайгырып турат көрүнгөн
Кантели Доке, айла жок
Караңгы-Жарык ушинтип,
Кара жер менен бөлүнгөн.
Качкан жан болбойт экен да,
Капырай,
Кадеми каткан өлүмдөн!..

(Шайлообек Дүйшеев)





XS
SM
MD
LG