Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

15:50 Электр кубатына чектөөлөр алынат


1-июндан 31-августка чейин республика боюнча электр кубатына чектөөлөр алынаарын “Азаттыкка” өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары боюнча министрлигинин маалымат катчысы Зухра Моминова билдирди. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өтө азайып, кризистик деңгээлге чейин түшүп кеткенине байланыштуу суу топтоо максатында өлкөдө электр кубатын пайдаланууга чектөөлөр киргизилген. Ушундан улам бардык аймактарда, а түгүл баш калаа Бишкекте да электр кубаты маал-маалы менен өчүрүлүп турду. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,5 миллиард кубометрге жеткени, былтыр ушул убакытта суу сактагычта 12 миллиардан ашуун кубометр суу болгону кабарланууда.(SM)

XS
SM
MD
LG