Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

У.КАЧЫБЕКОВ: “АЙЫЛ ЧАРБА ТАРМАГЫНА ШАРТ ТҮЗҮҮ ЗАРЫЛ”


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Быйыл кыргыз өкмөтү колунан келишинче дыйкандарга --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/66925697-50B4-4953-9CA5-955E9E7F8759.asp колдоо көрсөткөнү менен айыл чарба тармагынын абалы оор бойдон эле калып жатат. Мына ушул маселеге байланыштуу айыл чарба адиси, Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн карантини боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы жетекчиси Уланбек Качыбеков “Азаттыкка” маек куруп берди.

-Өткөн жылы буудай кризисинен кийин быйыл өкмөт дан эгиндерин айдоону көбөйтүп, аздыр-көптүр айыл чарба тармагына жардам берип жаткандыгын айтууда. Айылдарда болсо дыйкандар жер иштетүүгө керек нерселердин баары кымбат болуп жаткандыгына нааразы. Ошондой эле аларды сугат суу көйгөйү дагы тынчсыздандырууда. Адис катары айтсаңыз, айыл чарба тармагын кандай жол менен көтөрүүгө болот?

-Айыл чарба тармагында болуп аткан азыркы көрүнүш бул 13 жыл мурдагы башталган системалык кризиске айланып калган. Себеби 1991-жылы СССР учурунда, эгемендүүлүктү ала электе, Кыргызстанда 488 колхоз, совхоз бар болчу. Ал эми 1995-жылдан баштап 2005-жылга дейре мурдагы өкмөт, мурдагы бийликтин учурунда колхоз, совхоздордун бардыгы тонолуп, тарап, негизги айыл чарбасы 30-35 жылга артка төмөндөп кеткен.

Ал эми жаңы бийлик келгени, 2005-2007-жылдары, ал кризис уланган бойдон кайра тез темпте ылдый түшүп кетүүдө. Муну токтотуш үчүн айыл чарбасында тез арада реформа жасаш керек. Эң биринчи эле Айыл чарба министрлигинен баштап, айыл чарбанын өзүнө реформа жасаш керек.

-Мисалы кандай?

-Мисалы бул боюнча мен өзүм бир жарым жыл мурун ошол кездеги айыл чарба министрликтин статс-катчысы Камбаралы Касымовго кирип ушул маселе боюнча Айыл чарба министрлигин жана айыл чарбасын кандайча реформаласа, кандай жол менен алып барса биз ушул кризисти токтотобуз, анан кийин стабилдүүлүккө алып келебиз деп жарым саат өзүмдүн илимий жана тажрыйбалык болгон акылымды, болгон азатымды айтып, ал киши менен маектешкем. Ал киши баарына макул болгон.

Бирок бир жарым жылдан бери эч жылыш жок. Ошол бойдон эле айыл чарбасы иштеп атат. Себеби Айыл чарба министрлиги эч нерсеге жооп бербейт, бир да чарбага, бир дагы гектар жери да жок. Негизинен Айыл чарба министрлиги азыркы турган турпаты боюнча өкмөт министр менен кошо айыл чарба адистерин жоюп жиберсе дагы баягы фермерлер, баягы дыйкандар иштеген боюнча эле иштей берет, эч бир зыян тартпайт.

-Демек Айыл чарба министрлигинин жоопкерчилигин күчөтүү керек турбайбы?

-Айыл чарба министрлигинде азыр он чактыга жакын департаменттер бар. Ошолор гана иштеп атат. Ошолорго билимдүү, илимдүү, “каным, жерим, жаным” деп күйүп бышкан адамдар турса, Айыл чарба министрлигинде ошолорду координация кылуучу бир комитет, же агенттик кылып койсо эле болот. Бирок биз айыл чарба, агрардык мамлекет болгондуктан кийин бул өзү туура эмес болуп калат. Айыл чарба толук-кандуу иштеш үчүн адегенде буга толук камдуу шарт түзүп бериш керек.

-“Кембагалды ат үстүнөн ит кабат” демекчи, өз арабасын өзү тартып аткан дыйкандардын чыгашасына жакында чегиртке деген да балээ көбөйбөдүбү. Алар бир топ зыян келтирет. Ушул өсүмдүк карантини боюнча мамлекеттик инспекциянын адиси катары айтсаңыз, мындай учурда кандай каражаттарды, аркеттерди көрүү зарылчылыгы бар?

-Саранча 20-30 жылдан бери биздин мамлекетте жүрөт. Бул өзү бир күндө, же бир жылда көбөйбөйт. Быйылкысы марокколук чегиртке экен. Бул өзүбүздүн жергиликтүү Борбор Азия, Ооганстандагы чегирткелерге караганда чоңдугу эки жарым эсе кичирээк болот, бирок 2-3 эсе зыянкеч келет. Марокколук саранча боюнча мен 2004-жылы Португалиядагы чоң жыйынга барганда Марокко мамлекетинин Өсүмдүктөрүнүн карантини боюнча департаментинин директору жарым саат доклад жасаган.

Түндүк, Батыш Африкада 6 мамлекет координациялык комитет түзүп, ар бир мамлекет өзүнүн финансылык каражаттарын топтоп, учактарды, аларга каршы уу заттарды топтоп, 20 жылдан бери марокколук чегиртке менен кубалашып жүрүп, аны менен күрөшө албай жүрөт.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG