Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Сабыр Абдымомунов, Баткен Учурда Жогорку Кеңештин төрагалыгына жаңыдан шайланган Айтибай Тагаев тууралуу коомчулукта кызуу талкуулар жүрүүдө. Баткендиктерде Айтибай Тагаев спикерлик вазийпасын татыктуу деңгээлде аткара албайт дегендер арбын.

Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп Айтибай Тагаевдин шайланышы Баткен коомчулугун кызуу талкууга салды. Адегенде эле Айтибай Тагаев Баткенде жеке ишкер катары таанымал. Анын саясаттагы орду бөксө деген оюн Баткен шаарынын тургуну Абдымалик Шералиев ортого салды:

- Кайсы критерий менен шайланганын чындыгында элдер түшүнбөй турат. Бул киши менимче туура эмес шайланды. Мадумаров кыргыз парламентинин күчтүү спикери эле. Мадумаровду алмаштыра турган болсо жок дегенде ошол кишинин деңгээлиндеги кишиден коюш керек эле деп ойлом. Менин оюмча бул киши татыктуу эмес. Себеби бул киши бизнес чөйрөсүндө жүргөн. Депутат болуп сүйлөгөнүн эл укпаган киши Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жүзүн кандай кылып көрсөтөт мага түшүнүксүз болуп жатат.

Кадамжайлык Абитали Дыйкановдун пикиринде, парламенттик шайлоо учурунда “Ак жол” партиясы Айтибай Тагаевди тизмеге кошуу менен көп добуштан айрылган. Балким президенттин бул сунуштоосу бизнесмендик критерийди негиздейт:

- Жаңы шайланган төрага мурда «Алга, Кыргызстан!” партиясынан Кызылкыя округу боюнча шайланган. Ал эми кечээ күнкү шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө шайлоочулар ачыктан-ачык эле Айтибай Тагаев тизмеге кирген болсо биз добуш бербейбиз деп чыгып атышкан. Менин оюмча Айтибаев Тагаевди тизмеге кошуу менен “Ак жол” партиясы бир канча добушун жоготкон. Бүгүн партиянын жетекчиси Бакиевдин Тагаевди тандаганын мен эч кандай түшүнө албайм. Элдин айтуусу боюнча бизнеси күчтүү, мүмкүн ошол критерий боюнча тандагандыр.

Ошол эле учурда ишкердүүлүктү Айтибаев Тагаев жеке өзү үчүн жасап келген. Кызылкыя шаары үчүн анын жасаган эмгегин биз көрө алган жокпуз деген пикирин Кызылкыя шаарынын тургуну Мурат Көкчөев ортого салды:

- Айтибай Тагаев Кызылкыя шаарында ишкер катары көбүрөк таанымал. Жеке ишкер катары биздин Кызылкыя шаарына андай деле эмгек сиңирген жери жок. Биздеги Кызылкыя менен Ноокаттын чектешкен аймагында цементтин чоң кен байлыгы бар. Ошол кен байлыкты бул Өзбекстандын Кубасай шаарындагы цемент заводуна ташып, ошону менен бизнес жасаган. Жеке өзү үчүн иштеген. Ал эми шаарга ал эч кандай экономикалык киреше алып келген жок.

Баткен шаарынын тургуну Азамат Орунбаевдин пикиринде, Жогорку Кеңешти саясатта салмагы толоо, бедели бийик адам жетектеш керек:

- Мен ал кишини билбейт экемин. Ал эл алдына чыгып көрүнүктүү чоң иштерди жасаганын да элестете албайм. Менин оюмча спикерликте саясатта беделдүү, барктуу, таанымал инсан болуш керек.
XS
SM
MD
LG