Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:53

16:28 Укук коргоочулар Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранышууда


“Кылым шамы” укук коргоо борбору менен “Демократия жана жарандык коом үчүн” уюму тараткан билдирүүдө, Ишенбай Кадырбековдун белгилүү коомдук-саясий ишмер экени жана анын сот алдында турууга жана тергөөдө тиешелүү көрсөтмө берүүгө даярдыгын айткан билдирүүсү эске алынуусу зарылдыгы айтылат. Ошондой эле саламаттыгы начар болуп турган Кадырбековго гумандуу мамиле жасалып, үй камагына алынса туура болмоктугу, эгер бул иште саясий себеп жок болсо аны абакта кармоо зарылдыгы жоктугу белгиленет.

Үч күн мурда Бишкек шаардык соту Кадырбековдун апелляциялык арызын карап, Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Райондук сот буга чейин анын тергөө абагында отуруу мөөнөтүн бир айга узарткан эле. Каржы полициясы Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы башчысы Кадырбековду кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп, кылмыш кодексинин төрт беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, 25-апрелде камакка алган. Ишенбай Кадырбеков өзү жана айрым саясатчылар муну саясий куугунтук катары баалашкан.(SM)

XS
SM
MD
LG