Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

ТАЛАСТА УН КЕСКИН КЫМБАТТАДЫ


Акыркы күндөрдө Талас облусунун аймагында ун кескин кымбаттап кетти. Ун ташып алып келген соодагерлер анын себебин Казакстанда ундун кымбаттап кетиши менен байланыштырууда. Мындай шартта колунда жок бей-бечаралар тамак-аштан кыйнала баштаганын айта башташты.

Таласта соодагерлердин көбү унду кошуна Казакстан мамлекетинен ташып келишет. Бир жуманын ичинде ундун баасы дагы 100 сомго кымбаттады. Талас районундагы Бекмолдо айылынын тургуну Сүйөркан Норзубаева ундун кымбатташы айыл тургундарына билинбегени менен шаарда жашагандарга кыйын болуп жатканын айтып, бийлик өкүлдөрү өздөрүнүн имараттарын оңдоп, автоунаа алгыча элге көңүл бурса болмок дейт:

- Токсон депутатка машина алгыча, бизге окшогон карыя-картаңдарга, бала-бакырасы барларга жардам бербейт беле. Мына азыр нан сатып жей албай калышты. Айылдагыларга көп билинбейт экен, шаардагылар кантип атат. Креслого отуруп алып тегеренгенден башка эч нерсе билишпейт. Алардан бизге эч нерсе кереги жок, бизге болгону арзан ун, нан керек.

Талас шаарынын базарында ун сатып, соода кылып жаткан фамилиясын айткандан баш тарткан Кулуш аттуу мырза Кыргызстанда дан азыктардын кымбатташы Казакстандын экономикасына байланыштуу деген пикирде:

- Талас ичинде буудай жок. Жалаң Жамбулдан ташыгандыктан, казактар кымбаттатып атышат.

Былтыркы жылы Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев жер-жерлердеги эгиндин айдоо аянттарын көбөйтүү тууралуу өкмөттүн астына маселе коюп, облустук, райондук жана айыл башчылары дыйкандар менен сүйлөшүп, жогоруда айтылган маселенин үстүндө иштеше башташкан. Эгер эгиндин айдоо аянттарын көбөйтсөк дан азык Кыргызстанда арзан болот деген сөздөр ураан катары трибуналарда айтылып жатты.

Бул маселе өз натыйжасын качан берет, айдоо аянттар көбөйдүбү деген суроо менен Талас облустук администрациянын айыл чарба боюнча губернатордун орунбасары Чүйүнтбек Айдаралиевге кайрылганыбызда, айдоо аянттарынын көбөйгөнүн айтып, карапайым муктаж үй-бүлөлөргө ошонун эсебинен ун менен жардам берип жаткандыктарын маалымдады:

- Жалпы 15 миң 176 гектар, же болбосо былтыркы жылы болгону 6 миң 39 гектар себилген болчу. Ошондо 9 миң гектарга быйылкы жылы буудай көп себилип атат. Ундун ушундай кымбатташына байланыштуу бардык жерлерде дыйкандардын ортосунда бир топ иштер жүргүзүлүп, эгин көбөйүп атат. Айыл чарба министрлигинин берген маалыматы боюнча дагы быйылкы жылы республикада ун проблемасы чечилет. Материалдык резервден эл-журтка жардам берилген.

Бакайата районунун Май айылынын тургуну Дүйшөн Жуманазаров бийлик башчылар айткан эгиндин айдоо аянттары көбөйдү деген маалыматка каршы пикирин билдирип, бул иш кагаз жүзүндө эле болуп, жер-жерлерде эгиндин айдоо аянттары ошол эле бойдон турат деп нааразылыгын айтууда:

- Статистикалык отчет боюнча Ор айыл өкмөтү боюнча 402 гектар жер айдадык деп жогору жака отчет берип атышат, негизги айдалган жер 50 гектардан 100 гектарга чейин эле.

Көп жылдан бери эгин менен иштеп “Талас дан азык” акционердик коомунда эмгектенип келген Данил Акжолов серепчи катары “Азаттыкка” өкмөт эгиндин айдоо аянттарын көбөйткөнү менен быйыл деле мурдагыдай ун кымбат болот деп, анын себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Азыркы убакта буудай себилген күндө дагы быйыл деле анча көп түшүм болбойт деп ойлойм. Себеби биринчиден аз себилип калды. Экинчиден, жазгы сууктан буудайды үшүк алып кетти. Мен бул системада 20 жылдан ашык иштегендиктен бул ишти жакшы билем.

Таласта ундун баасы мурда биринчи сорт 1200 сом болсо, азыр 1300дөн сатылууда. Ал эми экинчи сорттогу ун мурда 1150 болсо, азыр 1200 сомго көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG