Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

БАЛДАР ЫРЛАРЫНЫН ЖАРЧЫЛАРЫ


“Талант тагдыры” аттуу музыкалык түрмөктүн кадырлуу меймандары жумурай журтка аттын кашкасындай таанымал обончу, ырчы, композитор, Республикалык эл аралык сыйлыктардын лауреаты, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Каныкей Эралиева жана көрүнүктүү обончу, комузчу Атайбек Бөдөшов. Эки шайыр улуу муун үчүн ар кандай маныздагы ырларды жазуу менен бирге балдар ырларын да жазышып келүүдө.

Таанымал ырчы, обончу, композитор Каныкей Эралиева менен белгилүү обончу, комузчу Атайбек Бөдөшов 34 жылдан бери кол кармашып, бирге жашап, ак уулдун, кызыл кыздын ата-энеси болуу менен бирге чыгармачылыктын да казанында бирге кайнап келүүдө.

- Каныкей айым, Атайбек мырза сиздер чоңдор үчүн уккандардын жан дүйнөлөрүн жашарткан ондогон атуулдук, ашыктык ырларын жазуу менен бирге ар кыл курактагы жаш жеткинчектер үчүн да ар кандай темадагы обондорду да жазып келүүдөсүңөр. Экөөңүздөргө тең бир собол: сиздер чыгармачылыгыңыздардын башатын балдар ырларын чыгаруудан баштадыңыздар беле?

-Менин чыгармачылыгымдын башаты балдар үчүн обон чыгаруудан башталган эле. 4-класста мектепте окуп жүргөндө китеп жөнүндө обонумду чыгардым. Менин биринчи угуучуларым менен агайларым, эжелерим болушкан эле. Өздүк көркөм чыгармачылыгына жандуу катышып жүрдүм. Обон чыгарган сайын мектептеги концерттерде ырдап жүрдүм. Мектептин директору: - Кызым, сен искусство институтуна барып окуйсуң. Сен өзүңдүн сүйгөн кесибиңди улант, - деп айткан эле. Ошентип мен алгачкы чыгармачылыгымдын башатын балдардын дүйнөсүнө арнаган ырлардан баштадым.

- Атайбек, сенин чыгармачылыгыңдын төл башы кандай жанрдагы ырларды чыгаруудан башталды эле?

-Менин да чыгармачылыгым Каныкей айткандай мектепте окуп жүргөндө башталган эле. Үчүнчү класстан баштап комуз чертип калдым. Ошол кезде эле балдар ырларына композиторлор, обончулар көңүл бөлүшчү эмес. Ал кезде бүтүндөй жан дүйнөңдү таштап коюп сүйүп ырдай турган ырлар жокко эсе эле. Айлабыз кеткенде агаларыбызды туурап, сүйүү ырларын ырдаар элек. Мен эң алгачкы жолу 7-8-класста окуп жүргөндө “Кыргызстаным” аттуу обонумду чыгардым. Ал элге бат эле тарап кетти. Мектепте хордо топ-топ болуп ырдачубуз. Каныкей айткандай, ал китеп жөнүндө обон чыгарса, мен мектебим тууралуу обон чыгаргам. Азыр эсимде калбай калыптыр. Андан кийин өзүбүздүн куракка арналган ырлар болду.

“Жөжөлөрүм”

Сөзү А.Өмүркановдуку. Обону К.Эралиеваныкы

Жөргөлөгөн жөжөлөрүм,
Бөбөгүмдөй көрөмүн.
Чыйпылдашып ээрчигенде,
Жемден чачып беремин.

Курсактары тойгон кезде
Чыгарышат өнөрүн
Алыс кетсе энесинен
Билбейт экен өлөрүн.

Кулаалыга алдырбаймын,
Кумайыкка жедирбейм,
Эрте туруп жем чачамын
Уйкучу кыз дедирбейм.


-Экөөңүздөрдүн сүрөттөр менен көркөмдөлгөн тунгуч обондуу ырларыңыздын жыйнагын “Учкун” басмасынан 2 миң нускада басып чыгардыңыздар. Атайбек мырза, жыйнакка сенин канча ырың кирди?

-Бул китеп мен билгенден биринчи жолу ар бир ырдын мазмунуна жараша көп түстүү болуп көркөмдөлүп чыкты. Себеби балдар жыйнакты колдоруна алып барактап ачканда эле ар бир ырга карата тартылган сүрөттөрдү көрүп кубанычтын кучагына батышат. Менин бул жыйнагыма 18 ыр кирди. Алсак окуучулар арасында ырдалып калган “Бүлдүркөн”, “Эмне үчүн”, “Кыргызстаным” аттуу ж.б. ырлар.

“Светофор”

Сөзү А.Алиевдики. Обону А.Бөдөшовдуку

Алды-артыңды байкагын
Алданбагын оюнга
Чуркап өтөм дебегин
Жолдун аркы боюна.

Кайырма:

Кызыл күйдү карагын
Токто, кайда шашасың.
Сары күйсө камданып
Жашыл күйсө басасың.

Өткөөл жолдон өтүп жүр
Машинадан сак болуп
Билгин жолдо жүргөндү
Эрежеге так болуп.


- Каныкей айым, жогоруда аталган жыйнакка Атайбектин жаш жеткинчектерди ыймандуулукка, Атажуртту сүйүүгө чакырган 18 ыры кириптир. Жыйнакка сенин канча ырың кирди? Алардын айрымдарынын аттарын атап, эң мыкты деген ырыңдын бирин угармандарга гүлдесте катары сунуп койсоң?

-“Күн балдары” аттуу жыйнакка менин 22 ырым кирди. 22 ырдын ичинен ар жыл сайын 25-майда ар бир мектепте акыркы конгуроо кагылат. Ошондо акын Анатай Өмүрканов агайдын сөзүнө жазылган “Акыркы конгуроо” аттуу ырым ырдалат.

“Акыркы конгуроо”

Сөзү А.Өмүркановдуку. Обону К.Эралиеваныкы

Чакырсак келбес тил безеп,
Өзүңдө калды бир кезек
Сабакты класс, парталар
Шыбырап турчу билбесек.

Кайрылып келбес күн үчүн,
Бийлейбиз бүгүн күнү-түн
Классташ кыздар, балдардын
Жүрөктө сактап күлүшүн.
Ашырсын ар ким турмушка
Ойлонгон максат үмүтүн.

Кубантып эже-агайды
Курдаштар ишке жарайлы.
Китептен эмес турмуштан
Көрөбүз дагы далайды.

Коштошуу жашы тамчудай,
Кирпикти бир аз ирмесек
Жолдор көп, жолдон адашпай
Жолугуш үчүн тарайлы.


- Атайбек мырза, кеп кезмети кайрадан өзүңдө. Балдардын жан дүйнөлөрүнүн таза болушун үндөккө алган эл, жерди сүйүүгө чакырган ырыңдын маңызын айта аткаруучусунун ысымын атап, угармандарга тартууласаң?

-Жыйнакка кирген ырлардын көпчүлүгү мурдатан эле угармандарга тартууланган ырлар. Мен окууга М.Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайына келгенде, Каныкей “Кыргызстаным” аттуу обонумду ырдады. Бул ыр Каныкейге чейин ырдалып жүргөн. Бирок Каныкей аткаргандан кийин жумур-журтка катуу жайылып кетти. Анан “Бүлдүркөн” аттуу ырымды Жанета Баялиева 2-3-класста окуп жүргөндө ырдап чыккан эле. Ал азыр чоң ырчы болду.

“Кыргызстаным”

Сөзү К.Курманбаевдики. Обону А.Бөдөшовдуку

Оюн, күлкү шаттык басканын,
Көрчү турмуш кулач ачканын,
Өмүрүмө өрнөк берүүчү
Өркүндөй бер Кыргызстаным.
Аай Кыргызстаным, ой Кыргызстаным
Өркүндөй бер Кыргызстаным!

Жумшак жели бийик асканын,
Бизди карай көрчү шашканын,
Таза абада дене чыналсын
Ташкындай бер Кыргызстаным
Аай Кыргызстаным, ой Кыргызстаным
Ташкындай бер Кыргызстаным!

Гүлдөр ээлеп тоонун баштарын,
Күлкү ээлеп кары-жаштарын,
Көңүл өссүн көккө серпиле,
Көрктөнө бер Кыргызстаным,
Аай Кыргызстаным, ой Кыргызстаным,
Көрктөнө бер Кыргызстаным!
Аай Кыргызстаным, ой Кыргызстаным
Өркүндөй бер Кыргызстаным!


-Каныкей айым бала бакчадагы бөбөктөрдөн тарта мектеп окуучуларынын арасында концерт берип, көптөгөн жолугушууларды өткөрүп жүрөсүздөр. Алар Музыка сабагынын окуу китептери, балдар ырларынын жыйнактары менен камсыз болушканбы, же жокпу? Деги эле келечектин ээлеринин кыргыздын элдик, профессионалдык музыкага болгон кызыгуулары кандай экен, байкай алдыңызбы?

-Бүгүнкү күндө обондуу ырлардын жыйнактары бала бакчадагы жана 4-класстагы кенже балдар ырдай турган ырлар жокко эсе. Ал эми Москвадан чыккан китептер аябай сапаттуу, балдардын жан дүйнөлөрүн кызыктара турган сүрөттөр менен көркөмдөлүп Кыргызстанда сатылып атат. Ал эми казак, түрк, өзбек тилдериндеги балдардын жыйнактарын көргөндө эмне үчүн кыргызча обондуу ырлардын жыйнактары жок деп, намыстанасың, арданасың. Аларды көрүп эмне үчүн бизде балдар ырлары жок деп азыркы сөз болуп жаткан жыйнакты чыгардык.

Алгач бала бакчалар үчүн өзүнчө, кенже мектеп окуучулары үчүн өзүнчө жыйнак чыгаралы деп ойлодук. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет деп, бир эле жыйнак кылып чыгардык. Аябагандай кыйынчылыктар болду. Бирок кыйынчылыктарга карабай китебибизди чыгарып алдык. Бизди кубантканы кичинекей бөбөктөр колтуктарына кысып алып ырларыбызды көрүп ырдайбыз деп жатканы биз үчүн чоң жеңиш болду. Азыр мектептерде балдар ырдай баштады. Ыраазы болгон ата-энелер, мугалимдер өтө көп. Кыргызстанга эки миң китеп жетишпейт. Азыр дагы көп нускада басылууда.

-Атайбек бүгүнкү абал кандай?

-Каныкей айткандай, мектеп окуучулары менен жолугушканда алар бизди аябай жакшы кабыл алышты. Алар көрсө ушунчалык суусап калышыптыр. Ыр жок экен. Мурда совет доорунда компартия, октябрята, пионер, комсомол жөнүндө көп ырлар болгон. Ал эми бүгүнкү күндө балдардын табитине, психологиясына, жаратылышка, эл, жер, Атажурт жөнүндө ырлар жок. Ал эми биздин жыйнак болсо, орустар айткандай баягы “капля в море” болуп калат да. Ошондуктан обончулар, композиторлор чогулуп балдар ырларын чыгарып турсак жакшы болот эле.

-Ак дилден ачык айтып ой бөлүшкөндөрүңүзгө чоң ырахмат. Азыркы басыгыңыздардан жазбай балдардын бал тилиндей таттуу ырларды көп-көп жаза беришиңерди каалайм.
XS
SM
MD
LG