Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:20

Кыргызстан жогорку окуу жайларын жакынкы келечекте Болония процессинин прициптерине ылайык реформалоону жана бир катар мамлекеттик окуу жайларды акционерлештирүүнү максат кылууда. Бүгүн жогорку окуу жайлардын ректорлору менен премьер-министр Игорь Чудинов катышкан жыйында ушул эки маселеге орчундуу көңүл бурулду. Болония процессине кошулуу Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын дипломдорунун чет өлкөдө таанылышына жана билим сапатын жогорулатууга өбөлгө болот. Ал эми акционерлештирүү аркылуу окуу жайлар рыноктук өнүгүү жолуна түшүп, мамлекеттик казынанын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/science/ky/2008/05/278A2C9B-DAAC-4E89-9DF6-ECEFADA80331.asp жүгү жеңилдемекчи. Бирок бул процессти масштабдуу жүргүзгөнгө мамлекетте укуктук жол даяр эмес болуп чыкты.

Бишкектеги Финансы-экономикалык академиянын ректору Абдракман Мавляновдун айтымында азыркы учурда Италияда беш миңдей кыргызстандык бар. Алардын 90 пайызы жогорку билимдүү, бирок өз кесиби менен иштешпейт. Америка Кошмо Штаттарындагы жашап иштеп жаткан миңдеген кыргызстандыктардын дагы абалы ушундай. Бул жерде башкы себеп Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын дипломдору чет өлкөдө таанылбай жаткандыгында.
Болония процессинин прициптерине ылайык адис даярдоого өтүү бул өксүктү жоюуга жардам бермекчи.

-Болония процессинин принциптерине ылайык иштөөгө өтсөк, Батышка барып окуй тургандар үчүн да, бул жакка келип окуй тургандар үчүн да эч проблема болбойт,- дейт Абдракман Мавлянов.

Кыргыз өкмөтү ошондой эле бир катар мамлекеттик окуу жайларын акционерлештирүүнү максат кылууда. Адистердин айтымында, бул бир жагынан окуу жайлардын мамлекеттен субсидия албай, сырттан инвестиция тартып, рынок жолу менен өнүгүп кетишине жол ачат. Мамлекет өз кезегинде бошогон каражаттарды мектеп тармагын өнүктүрүүгө жумшамак. Кыргызстан азыр бул маселе боюнча Россия менен Казакстандын иш тажрыйбасын иликтөөдө.

Премьер-министр Игорь Чудиновдун айтымында, Кыргызстан бардык мамлекеттик жогорку окуу жайларын акционерлештирүүнү максат кылган жок, ал эми мамлекеттик жождорду менчиктештирүү жөнүндө сөз да жок. Өкмөт башчы коомчулукта бул маселе боюнча тынчсыздануулар күчөп жаткандыгын белгилеп, мамлекет акционерлештирүүнү абдан кылдат ойлонуп ишке ашыра тургандыгын баса белгиледи.

-Мен баса белгилеп айтып коеюн, акционерлештирүү канчалык алгылыктуу жол болбосун, бизге бул маселеде абдан салмактанган жана өз ара макулдашылган көз караш керек,- деди премьер-министр.

Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку кесиптик билим берүү башкармасынын начальниги Канат Садыковдун айтымында, мамлекеттик жогорку окуу жайларды акционерлештирүү боюнча атайын комиссия иш жүргүзүүдө. Комиссия жүргүзгөн алгачкы иликтөөлөр бул маселе боюнча өлкөнүн мыйзамдык жана укуктук базасы даяр эмес экенин көрсөттү. Ошон үчүн эң алды мунун мыйзамдык пайдубалын түптөп алуу жагында иш жүргүзүү керек.

-"Акционерлештирүү жөнүндө" мыйзам менен “Билим берүү жөнүндө” мыйзам бири-бирине дал келбейт экен. Азыркы укуктук ченемдик база акционерлештирүүнү толук масштабдуу ишке ашырганга жол бербейт. Ошон үчүн бир-же эки мамлекеттик окуу жайдын базасында сынак иретинде байкап көрүп, ченемдик базаны тууралап алгандан кийин гана алдыга жылганга болот, -дейт Канат Садыков.

Кыргызстанда эгемендик жылдары жогорку окуу жайлардын саны үч эсе көбөйгөн жана жеке менчик окуу жайлары да уюшулган. Азыркы учурда Кыргызстанда баардыгы 47 жогорку окуу жайы бар. Алардын ичинде 31 мамлекеттик, калгандары жеке менчик окуу жайлары болуп саналат.
XS
SM
MD
LG