Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

16:18 Өлкө башчысы К.Бакиев Балдарды коргоо күнүнө карата куттуктоо жолдоду


Президент Бакиевдин Кыргызстандын балдарына жолдогон куттуктоосунда “Балдар – биздин байлыгыбыз, жашообуздун маңызы жана максаты. Өлкөдө балдардын жашоо шартын бекемдөөгө багытталган бир катар программалар иштеп, ар бир үйбүлөнүн социалдык абалын жакшыртуу үчүн чаралар көрүлүп келет” деп айтылат. Өлкө башчысы кыргызстандык балдарга денсоолук жана ийгилик каалады.

Балдарды коргоо күнү бүткүл дүйнөдө 1950-жылдан баштап белгиленип келет. Бириккен Улуттар Уюму балдардын укугун, өмүрүн жана саламаттыгын коргоону өз ишмердүүлүгүнүн бир багыты катары тандап алган. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG