Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:36

Орусия Абхазиянын темир жол тармагына куралсыз аскер адистерин жиберди


Расмий Маскөөнүн айтымында, Грузиянын жикчил аймагы болгон Абхазиянын темир жолдорун кайра курууга жардам ирээтинде орусиялык темир жолду тейлеген аскерлер жөнөтүлдү. Бул куралсыз адистер аталган аймакка кайрымдуулук жардамын көрсөтүү чараларынын алкагында жиберилгендиги Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө белгиленет. Ал эми Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Григол Вашадзе бул чечимди Тбилиси терең айыптай тургандыгын, бул кадам – жикчил аймакты биротоло каратып алуу үчүн Кремл жасаган кезектеги кадам экенин айтты. Өз эгемендигин дүйнөгө таанытууга талаптанган жикчил Абхазия аймагы маселеси Грузия менен Орусиянын мамилелеринин салкындашына алып келди. Бүгүн француздардын “Монд” (Le Monde) басылмасы үчүн курган маегинде орус өкмөт башчысы Владимир Путин Абхазиянын Грузиянын автономиясы болуп кала беришин жактаарын, бирок бул сыяктуу планды Абхазия өзү жактырышы керектигин билдирди.

XS
SM
MD
LG