Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Өткөн апта саясий окуяларга, тагыраак айтканда саясий кармаштарга, оюндарга бай болду. Парламентте төрага --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A9F0E460-4387-4C29-8595-B59942A26EDD.asp алмашып, аткаруу бийлигинде бир катар кадрлар алмашты. Бул жумада кыргыз калкы Кыргыз Эл артисти Дооронбек Садырбаев менен коштошту.

Аптанын башында президент Курманбек Бакиев парламентте да, өкмөттө жана президенттик структураларда да кадрдык дайындоолорду жасады.
Парламенттин имаратын уурдалган жаңгак уюлдары менен жасалгалоо максатына байланыштуу чыккан чатак жыйынтыкталып, Адахан Мадумаров кызматынан кетти. Президенттин сунушу менен Жогорку Кеңештин төрагалыгына Айтибай Тагаев шайланды.

Ал эми Адахан Мадумаров менен тил табыша албай калган “Ак жол” фракциясынын башчысы Элмира Ибраимова да кызматын которуп, вице-премьер-министрликке дайындалып кетти. Фракция башчылыгына Жогорку Кеңештин төрагасынын орунбасары, парламенттин залдарын жаңгак уюлдары менен жасалгалоо демилесин көтөргөн Азиз Турсунбаев шайланды.

Президент жанына эң жакын кармаган саясатчы болгон Адахан Мадумаровдун төрагалыктан кетүүсү бир топ суроолорду жаратууда. Анын кетүүсүнө расмий жактан алганда парламенттин имаратын оңдоп-түзөймүн деген аракети себеп болду. Бирок ремонт ишин баштоо боюнча токтомдун демилгечиси төраганын орунбасары Азиз Турсунбаев болгону белгилүү. Ал парламентке тийиштүү токтом долбоорун алып чыккан:

-Урматтуу депутаттар, 2009-жылы кыргыз парламентинин 85 жылдык мааракеси белгиленет. Парламенттин расмий иш чаралар өткөрүлө турган Жогорку Кеңештин чоң залы мындай имараттар үчүн кабыл алынган талаптарга жооп бербейт. Ошондуктан эстетикалык жана техникалык жаңылоого муктаж. Алдын-ала белгиленген болжолдор боюнча Жогорку Кеңештин имаратынын тарыхый, архитектуралык баалуулугун эске алуу менен залдын жаңылоодо жаңгак жыгачы колдонулат. Убакыттын тардыгына байланыштуу эмитен эле айкын чараларды көрүүнүн зарылчылыгы келип чыгууда. Ушундан улам сиздердин назарыңыздарга “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратындагы кичи жана чоң жыйын залдарын, бардык кире бериштерди реконструкциялоо жана техникалык жактан жабдуу жөнүндө” Жогорку Кенештин токтом долбоору сунушталууда.

Бирок бул демилгеден Мадумаров жабыркап, ал эми Турсунбаев көтөрүлүп кетти. Ошондуктан Мадумаровдун төрагалыктан кетүүсү ремонтко эмес, башка себептерге байланыштуу болгону да айкын.



Биринчиден, Адахан Мадумаров өзүнүн мүнөзү жана саясий тажрыйбасы менен парламентти кайсы бир деңгээлде көз карандысыздыгын, бийликтин бир бутагы катары эгемен болуусун камсыздап турган эле. Экинчиден, бул кызматта Мадумаров аз да болсо айланасына киши топтоп, “канат-куйругун” жайып бараткан. Бул президентке жана анын кулагына жакындарга жага бербеси турган иш.

Андан сырткары Адахан Мадумаров менен президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловдун келишкис мамилеси Мадумаров мамлекеттик катчы болуп турган кезде эле башталган. Мына ушул себептер жана 22-майда Мадумаровдун президенттин дарегине карата айтылган бул сөздөрү аны кызматтан алууга негизги түрткү болгондой:

-Эгерде (президент) мага бирди айтып, эки-үч кишиге башканы айтса... Бул саясат бизди эч качан жакшылыкка алып барбайт. Ошон үчүн мамлекеттин жетекчилиги деп айтылат. Мен бул маселени (төрагалыктан кетүүнү) добушка коем. Ушуга көптөн бери жетише албай жүрүшөт. Мен өзүм жолду ачып берейин. Экинчи маселе, эгер кыргыз мамлекети мыйзам чыгаруу бийлигине ушундай мамиле жасап, кандайдыр бир аракеттерге “бөйрөктөн шыйрак чыгарып”, саясатка айландыра турган болсо, эл аралык уюмдарга кайрылып болсо да ушул залды оңдоп-түзөтүүгө даярмын. Ошол эле президенттик администрациянын башчысы бир жылдын ичинде үчтөн машина алып минет, мебелдерин кайра-кайра алмаштырат. Эгерде тең турган мыйзам чыгаруу жыйынына ушундай мамиле жасалган болсо, анда мен жанагы чечимге барам.

Албетте Мадумаровдун бул сөзү президентке катуу тийбей койгон жок.
Эми Мадумаровдун кетиши жана Жогорку Кеңештин төрагалыгына Айтибай Тагаевдин келиши менен парламент мурдагыдан бетер ”тил алчаак” болуп чыга келет.



Жаңы төрага Айтибай Тагаевдин саясий жолу кандай башталган?

Ушул кезге чейин унчукпас, же активдүү эмес депутаттардын катарына кирген Айтибай Тагаев 2003-2004-жылдары ал кездеги президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева түзгөн “Алга, Кыргызстан” партиясы аркылуу 2004-жылы Кызылкыя шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышып, ал округдан атасынын ордуна депутат болууга умтулган Исхак Масалиевди Айдаркен шайлоо округуна өтүп кетүүгө мажбур кылган. Ал кезде Акаевдик бийликке таянган Айтибай Тагаев анда Кызылкыя шайлоо округуна кирген айылдардын жолдоруна топурак төшөп, ал эми шаардагы көп кабаттуу үйлөрдү сырдоого акча бөлүп, электоратты өзүнө бурган.

2005-март ынкылабынан кийин азыркы бийликке ыктап, 2007-жылы президент Курманбек Бакиев түзгөн “Ак жол” партиясынын тизмесинен орун тапкан. Мына эми “Кара кыздын агынан эмес багынан” дегендей Айтибай Тагаев мамлекетте экинчи кызматтык орунду ээлеп калды.

Адахан Мадумаровдун мындан аркы саясий кадамдары кандай болот?

Мына ушундай багыттагы суроолор менен белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиевге кайрылган элек:

“Азаттык”: -Орозбек мырза, мына Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан бошотулду. Бул саясатчынын мындан аркы саясий жүрүштөрү кандай болот? Ал өзүнүн тагдырын “Ак жол” менен бирге кармайбы, же башка жол издеп кетеби?

О.Молдалиев: -Эми Адахан мурда 24-марттагы окуяларга чейин оппозицияда жүрдү. Бирок оппозицияда жүргөн менен, ал жактагы саясатчылар менен тилектеш болгон менен, өзү кайсы бир партияда да болгон эмес, эч бир кыймылдын активдүү мүчөсү да болгон жок. Жалпы тилектештик менен гана жүрдү. Классификациялап айтсак, бул жекече оппозицияда жүрдү десек болот. Анткени анын мүнөзү ошондой. Ар бир кыймылдын, партиянын бир жери жакпай калып, ошондуктан жалгыз жүргөн. Эми ал “Ак жолдун” линиясында калат деш кыйын го. Себеби “Ак жолдун” линиясына мүнөзү туура келе турган болсо бул спикер болуп эле жүрө бермек.

“Азаттык”: -Сиз Адахан Мадумаров бийлик менен үндөшүп иштей албай калды дедиңиз. Ал кайсы жерлерден байкалды?

О.Молдалиев: -Бийлик менен үндөшүп иштегенге аракет кылды. Бийликтин нугунан чыгайын деген жок. Анча чоң эмес пикир келишпестиктер болгон менен Адахан жакшы эле аракет кылды. Аны моюнга алыш керек. Бирок жанагы “мага бир сөз айтып, башкага бир сөз айтып” деп айтып жибергени Адахандын мүнөзүнө тиешелүү көрүнүш.



“Азаттык”: -Мадумаровдун кызматтан кетүүсүнө ушул сөз негизги ролду ойноп кеттиби?

О.Молдалиев: -Ооба. Башка адам болгондо муну ачык айтпай эле, башкача реакция кылып, чечип кетмек. Бул деле чыдап-чыдап жүрүп акыркы тамчы болуп кетти. Буга чыдап жүргөн “акжолчуларга” деле акыркы тамчы болуп кетти. “Чыгалбай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей учурга келип калган эле. Бирок бийликке каршы чыккан жок. Бийликтин камчысын жакшы эле чапты.

“Азаттык”: -Бул жерде Садыркулов менен Мадумаровдун чатакташуусу, же Адахан Мадумаровдун парламентке келгенден кийин команда топтоп, 2010-жылы президенттик шайлоодо атаандаш боло алат деген себептер канчалык ролун ойноду?

О.Молдалиев: -Бул албетте табийгий нерсе. “Маршал болууну жаман солдат гана эңсебейт” дегендей мындай амбициялар табийгий нерсе. Анын үстүнө көзү ачыктардын баары эле, ошондой эле көзү ачык эместер деле, Ашыркулов деле “Мадумаров Адахан жетилип калды, президенттикке бышып калды” деп эле “тузун көргөн кишидей” эле айтып жүрчү. Анан ошондой пикирге ишенип жүргөн элдин бир тобу деле андан көп нерсени күтүп жүргөн, жүрөт.

“Азаттык”: -Кыргызстандын Конституциясында аткаруу бийлиги, сот бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги деп бөлүнгөн. Бирок президенттин парламенттеги толук ыйгарым-укуктуу өкүлүнүн төрагалыкка талапкерди көрсөтүүсү менен Конституциянын ошол талабы бузулган жокпу?

О.Молдалиев: -Бул жерде Конституциянын көп эле талаптары бузулуп жатат. Партиянын ичинен көрсөткөндөй кылып койсо деле болмок. Бирок бул жерде оюн ачык эле жүргүзүлүп, орусча айтканда “раскрыли карты” дегендей болуп жатат. “Түшсүн” деген сөздөр деле ошол жактан айтылбадыбы. Анан ушуну жымсалдуураак жасашса болмок. Эми ал ким аркылуу жана кандай жасалып жатканы белгилүү нерсе деңизчи. Ошондой болсо дагы бул жерде форманы сактаса туура болмок .

“Азаттык”: -Маегиңизге ырахмат.



Президенттин айланасында 2005-жылдагы ыңкылапка катышкан саясатчылар уламдан-улам суюлуп баратканы белгилүү. Ыңкылапчылардан президент жанында эми Исмаил Исаков менен Нур уулу Досбол гана калып олтурат. Алардын экөө тең өткөн аптада кызматын которду.

2005-жылдан бери коргоо министри болуп келген Исмаил Исаков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалса, Нур уулу Досбол вице-премьер-министрликти Элмира Ибраимовага бошотуп, Мамлекеттик катчылыкка дайындалып кетти. Алты айдан бери бул кызмат орун бош туруп, мамлекеттик катчы деген кызмат бар экенин унута баштаган калайык эми Нур уулу Досболдун келиши менен эсине ала баштаар.

Оппозиция конституциялык реформа талабын коюуга даярданууда

Бул аптада оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылдын лидерлери чогулуп, Мирослав Ниязов тарабынан сунушталган “Кыргызстандын улуттук жаңы концепциясын” талкуулады. Концепцияда Кыргызстандын бийлик системасын өзгөртүү, тактап айтканда президенттин бийлигин чектөө, парламенттин 50% партиялык тизме менен, калган жарымын бир мандаттуу округдардан шайлоо, губернаторлордун эл тарабынан шайланышы жана Борбордук шайлоо комиссиясын толук көзкаранды эмес орган катары түзүү каралган.



Концепциянын долбоорунун автору Мирослав Ниязов реформа зарылдыгын мындайча негиздеген эле:

-Биз реформа зарылдыгына такалып, мажбур болуп жатабыз. Бүгүн мамлекеттик түзүлүш, башкаруу системасын реформалабасак болбой калды. Биз эгемендүүлүктү алгандан бери ылдый түшүп баратабыз. Ошону токтотуп, андан кийин акырындык менен өйдө чыгышыбыз керек.

Оппозиционерлер бул концепцияны эл ичинде талкууну күзгө чейин жүргүзөт. Андан кийин иштелип чыккан долбоор кабыл алынат. Эгерде долбоор алгач сунушталган негиздерин сактап калса, анда бийлик менен оппозициянын 2006-2007-жылдары болгон конституциялык реформа боюнча талаш-тартышы кайрадан жанданышы ыктымал.

Саясат таануучу Токтогул Какчакеев оппозициялык кыймылдын талабы негиздүү деп эсептейт:

-Эми мында эч кандай бир өөн нерсе жок. Анткени бийликтин структурасынан, бийликтин ыкчамдыгынан, анын кесипкөйлүгүнөн, анын келечекти прогноздоп бере алышынан биздин мамлекет өнүгүүсү көзкаранды. Бирок биздин мамлекеттин структурасы, функциясы баары тең Советтер Союзунун системасынан айырмасы жок. Ошондуктан мындай сөздөрдүн көтөрүлүп жатканы туура.

Экинчи бир саясат таануучу Жолборс Жоробеков азыркы системанын артыкчылык, кемчилигин аңдап көрүүгө убакыт керектигин, ал эми оппозиция күзүндө конституциялык реформа талабы менен нааразылык акцияларын уюштура албасын белгилейт:

-Эми менин оюмча алар мына ошол ураан менен кыргыз элин көтөрүп чыга албайт. Ал үчүн биздин оппозицияда материалдык да, моралдык дагы, элдин арасында аларга ишеним да жетишпейт.



Кыргыз калкы чыгаан уулу менен коштошту

Бул жумада кыргыз коомчулугу Кыргыз эл артисти, белгилүу саясатчы Дооронбек Садырбаев менен кош айтышты. Ал 28-майда 69 жашында көз жумуп, 30-майда сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду. Дооронбек Садырбаев “Кайран эл” деп элинин азабын даана көрүп, кайсы бийлик болбосун мына ошол көргөн чындыгынан тайбай келди. Аны замандаштарынын бири Табылды Эгембердиев минтип эскерди:

-Бийлигине карабай өзүнүн адамгерчилигин бийликте жүрсө да бирдей кармап жүргөн, сейрек учураган адамдар болот. Ошонун бири Докем эле, Салижан агамдай эле ушу. Бул биз үчүн катуу жоготуу. Элим үчүн деп күйүп, чындык үчүн деп күйүп көп кишиге жаман да көрүндү. Мурунку-азыркы бийлик менен тил табыша алган жок. Анткен менен эл ичинде Докемдин кадыры бийик болчу.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG