Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

РОБЕРТ ГЕЙТС: “МЯНМАДАГЫ АДАМДАР ӨЛҮМҮНӨ ӨЛКӨ БИЙЛИГИ КҮНӨӨЛҮҮ”


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага АКШнын коргоо министри Мянмадагы он миңдеген адамдар өлүмү үчүн өлкө бийлигин айыптады. Роберт Гейтс бул тууралуу Сингапурда эл аралык коопсуздук боюнча жыйында билдирди. Мянмада --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/05/BE8C7393-18F0-4549-8962-77B3FAB22636.asp май айынын башында болгон катуу бороон-чапкындан жетимиш сегиз миңдей адам ажал тапканы кабарланган. Дагы элүү алты миңге чукул киши дайын-оту менен жоголууда. Эки миллиондой адам үй-жайсыз калды.

АКШ коргоо министри Робертс Гейтстин айтымында, Кошмо Штаттардын учактары жана кемелери кырсыктаган, жабыркаган элге жардам көрсөтүүгө шайма-шай турган.

Гейтс Мянманын аскер бийлиги АКШга эле эмес, жардам көрсөтүүгө ашыккан башка өлкөлөргө да тоскоол кылганын айтты:

- Мянма менен алектенген өкмөттөрдүн баары тең анын бийлигине өз эли тарабынан туура иштерди жасашы үчүн дээрлик таасир эте алган жок. Бул мен үчүн көп түшүнүксүз жагдай болду. Биз ушул кризисттик кырдаал маалында бир нече жолу Мянмага кайрылдык, аларды кайрымдуулук жардам үчүн каалгасын ачууга чакырдык. Демек, эл аралык коомчулуктун чакырыгына кулак салбай койгон тарап – биз эмес, Бирманын өзүнүн өкмөтү болду. Биз аларга чыгып жаттык. Алар болсо колун чөнтөгүнө салган бойдон кала берди.

Гейтс Бирманын бийликтеринин тоскоолдугуна карабай АКШ жардамын улантып жатканын жана көбүрөөк колдоо көрсөтүү ниети бар экенин билдирди.

Соңку кабарларга караганда Мянманын өкмөтү катуу бороондо үй-жайсыз калган адамдарды буга чейин баш пааналап турган жайлардан чыгарып жатат. Бирок бул маалыматтар азырынча тастыктала элек.

«Юнисеф» уюмунун өкүлү Анупама Рао Сингх айым Тайланддын ордо шаары Бангконгто чыгып сүйлөп, деңиз ташкынынан жапа чеккендерди өз журтуна кайтаруудан оболу аларга тиешелүү шарттарды түзүп берүү зарыл экенин баса белгиледи:

- Жабыр тарткандарды эч шарты жок жайларынан издеп табуу кайрымдуулук уюмдардын кызматкерлери үчүн өтө оор мүшкүл болоор эле. Ошондуктан баарыбыз тең жугуштуу оорулар менен башка алааматтын экинчи толкунуна кириптир болушубуз ыктымал.

Эл аралык коом үй-жайсыз калган эл камын көрүп санааркап жаткан чакта, Мянмадагы өкмөттүк гезиттер катуу бороондон аман калгандар дүйнөлүк коомчулуктун “таттуу токочу” жок эле жашап кетет деп жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG