Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Ооганстанда жоокерлерди бутага алган бомба жардырылып, бир аял набыт болду


Кабулдагы бул жардыруудан дагы беш адам жараат алды. Бомба ооган жоокерлери бараткан кичи автобуска багытталганы айтылууда. Азырынча бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Бул Кабулдагы апта ичиндеги экинчи бомбалык кол салуу. Бейшембиде талиптердин жанкечтисинин жардыруусунун айынан ордо шаардын үч тургуну өмүрүнөн ажыраган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG