Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

Доорубуздун таланттуу сөз чебери Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында адам-табият маселеси терең философиялык деңгээлде чагылдырылган. Жазуучунун экологиялык --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/FCC15A2D-F642-4100-9487-D09CD67734AA.asp кабатыр ойлорунун текши баары чынга чыгып, ушу тапта Кыргызстан, жаамы дүйнө жаратылышка карата өзүмчүл мамиленин залакасынан жапа чегүүдө. “Бетме-бет” талкуусунун кезектеги чыгарылышы ушул маселеге арналып, ага философия илим доктору, профессор Осмон Тогусаков жана философия илим кандидаты, доцент Назгүл Акматова катышат. Талкууну Бекташ Шамшиев уюштурду.

Бекташ Шамшиев: -Осмон мырза, Ч.Айтматов козгогон көркөм проблемалардын бардыгы түгөлү менен турмушубузда кездешүүдө. Мунун себеби эмнеде? Адамзаттын буга чейинки жасагандары үчүн жооп берер кези келдиби же адамдын табиятка жасаган мамилеси чегинен ашып кеттиби?

Осмон Тогусаков: - Чыңгыз Айтматов бардык эле чыгармаларында экологиялык проблемаларды козгоп өтөт. Мен айтар элем, анын чыгармаларынын негизги лейтмотивин адам-табият маселеси түзөт. Себеп дегенде, адамдын табиятын, жүрүм-турумун анын жаратылышка карата мамилеси аныктайт. Маселен, жазуучунун “Ак кеме” повестинде адамдардын жырткычтыгы тууралуу кеп болот. Бугулардын түгөл кырылып жок болушу анын мисалы го.

Бугу эне жөнүндөгү легенданы алалы. Бала бугулардын тарыхый жерине – токойго келишин сүйүнүп кабыл алып жатат. Бугулардын келиши, бул биринчи иретте, аларга тиешелүү экологиялык шарттын пайда болушуна, алардын ыңгайланышына мүмкүндүк түзүлгөндүгүнө байланыштуу болуп жатат.

Биз адамдын жашоо тарыхын алып көрсөк, негизги өзөк адам менен жаратылыштын ортосундагы мамиле-катнашка байланыштуу экендигин көрөбүз. Биз жаратылыштан алып, ошонун эсебинен жашап келатабыз. Алганыбыздын ордун толтуруп, жаратылыштан алганыбызды кайтара элекпиз. Мына азыркы чыгып аткан проблемалардын баары ушундан. Чыңгыз Айтматов чыгармаларында мифтерге, легендаларга кайрылып, ошолор аркылуу көркөм образдарды жаратат.

Мына маселен, “Кылым карытар бир күндөгү” түндүктөн-түштүккө, батыштан-чыгышка каттаган поюздар, темир жолду бойлоп шимшиген сары түлкү, ракеталарды учурган космодром. Баары образдуу, Найман эненин тосулган бейитинин жанынан ракеталар учуп жатат.

Ракета жер жүзүн айланта курчаса, ал учуп чыккан космодромдун темир тикенектүү тосмосу, Маңкурт тууралуу легенда биригип келип бир образдуу түшүнүктү алып келип жатат. Найман эненин бейити тосулган. Ал жерге Найман эненин тукумдары бара албайт. Күмбөз жанына отуруп куран окуй албайт. Мына адамдын трагедиясы.

Биз көчмөн калктын урпактарыбыз. Биздин жашоо ыңгайыбыз жаратылышка байланышкан. Биз өзүбүздү жаратылыштын бир кичинекей бөлүгүбүз деп эсептейбиз. Анан ошол ата-бабабыздын жер жайнаган малын жайып келген жайыттардын бүгүнкү кейпин караңызчы, кишинин ыйлагысы келет.



Бекташ Шамшиев: - Назгүл айым, сизге деле ушул эле суроо. Кыргызстан башынан кечирип аткан экологиялык маселелерди алалы. Ч.Айтматовдун чыгармаларында ал философиялык деңгээлде чагылдырылган. Аны турмушубуздан деле кездештирип жатабыз. Мисалы, токойлордун кыйылышы. Уулуу зат калдыктарын алалы. Мындан тышкары деле толгон-токой маселелердин тепсендисинде калдык. Адамзат жаратылышка мамилесин өзгөртпөсө, анын натыйжасы кандай болот?

Назгүл Акматова: - Албетте, экология тууралуу сөз көп эле болуп жатат. Бирок адамзат аны жакшыртууга багытталган көп иштерди жасабай жатат. Кыргызстанда деле ошондой.

Биз өз табиятыбызга, жаратылышка кандай зыян алып келгенибизди ойлонбой жатабыз. Биздин азыркы ойлонгон маселелерибиздин көбү каржылык, экономикалык гана маселелер болууда. Ошону гана ойлонуп жатабыз.

Өлкөнүн экономикалык өнүгүшү экологиялык проблемалар менен тыгыз байланышта. Анткени көп проблемалар ошол каражаттардын жоктугунан, акчанын жетишпестигинен чечилбей жатат. Бул тема тууралуу көп сөз кылганыбыз менен ишке ашкан натыйжа аз.



Бекташ Шамшиев: - Осмон мырза, мына мен жакында Кумтөр алтын кен комбинатында болдум. Тоонун кейпи кеткенин көргөндө адам жаман болот экен. Ак мөңгү тоо талкаланып калганын көрүп ичимен абдан жаман болдум.

Осмон Тогусаков: - Жанагы эле туризмди өнүктүрөлү деп жатабыз. Бирок биз Ысыккөлгө ушунчалык мыкаачылык менен мамиле жасайт экенбиз. Бүгүнкү күндө бир да бирөө Көлдүн суусу таза, анын адамга зыяны жок деп кепилдик бере албайт. Адистер да айта албайт.

Анан өзүңүз айтып жаткан Кумтөр. 4000 метр ашуун бийиктиктеги кен. Канадалыктарга уруксат берип ал жерге завод куруп алдык. Эми айланайын тоолор урап жок болуп жатат. Үстүндөгү мөңгү жоголуп жатат. Мөңгү жоголсо суу жоголот. Көрдүңүзбү, баары бири-бири менен байланышкан.

Жаратылыш өзү байланыш-катышта, бири-бири менен чынжыр сындуу байланышта. Бүгүнкү күндө бейөкмөт экологиялык уюмдар ондоп, жүздөп саналат. Алар конкреттүү бир иш жасап жатышабы? Мына ошол эле “Кумтөрдүн” аркасы менен көлгө цианид кирип, эл эмне болду? Барскоондун тургундары эмне болуп жатат? Алардын шарты кандай? Булар тукумдан-тукумга уланып кеткен жанагы Хиросимадай болуп ооруга дуушар болуп жатышат. Биз аны элге жеткирдикпи? Жашыруун калып жатат.

Баары айланып-тегеренип келип эле күндөлүк турмушка байланыштуу болууда. Экономикага байланыштуу экен да. Эгер экономикалык деңгээлибиз көтөрүлүп, өнүгүп кетсек маданиятыбыз да жогорулайт болчу. Биз анткенде жаратылышка аярлуу мамиле жасайт элек.

Токойдун баарын эмнеге кыйып жатат? Бактарды эмнеге кыйып жатат? Отуну жок. Быйыл жылдагыдан өзгөчө суук болду го. Суу аз. Анан эми жарыкты өчүрүүгө өтүштү. Пландуу өчүрүп жатабыз дейт. Күндүзү өчүрүшөт, түнү өчүрүшөт. Адамдын жашоо-турмушуна бул кандай таасир тийгизип жатат? Адамдын психологиясын бузуп жатат. Үйдөгү эмерек-семерек, приболорду тек эле коелу, бул адамдын психологиясын бузуп жатат.

Бекташ Шамшиев: - Назгүл айым, сиз экология проблемаларынын күнгөй-тескейин жакшы билесиз. Мына эң чоң дарыябыз Нарындын абалы. Анын боюндагы айыл-шаарлардан чыккан акыр-чикирдин көпчүлүгү дарыяга кошулат. Ошол эле “Кумтөрдүн” тазаланган уу суусу Нарынга кошулат. Анын канчалык деңгээлде таза экенин билиш кыйын. Сиздин оюңузча, Кыргызстандагы эң оор экологиялык проблемаларды оңуна чечүү аракети жасалып жатабы? Дегеним, мына жакында Майлысуудагы ичип аткан суунун кандайлыгы аныкталып чыкты. Аны ичүүгө дегеле болбойт экен. Бирок ичишке туура келет. Ошонун ичинен алар негизги түтүк менен келген сууну гана ичкиле деген сунушун айтып жатышат. Дегеле азыр кандай аракеттер жасалып жатат?

Назгүл Акматова: - Көп эле изилдөөлөр жасалып жатат. Мисалы, биздин институтта иштелген иштер. Биз аларды жогорку окуу жайларындагы окутууда колдонууга аракет кылабыз. Мисалы, кыргыздардын үрп-адаттары. Жөн эле үрп-адаттары эмес, экологиялык үрп-адаттарына көп көңүл бурулат. Эң негизгиси, адамдын экологиялык аң-сезимин өзгөртүш керек.



Бекташ Шамшиев: - Осмон мырза, экологиялык сабатты ачуу, экологиялык маданиятты көтөрүү боюнча бизде жетиштүү иштер жасалып жатабы?

Осмон Тогусаков: - Мына бизде Актүз кени бар. Карабалтада кенди иштетүүдөн калган калдыктар бар. Ошол эле жерлерди экономикалык кызыкчылыктын айынан адамдар келип казып атышат. Адамдар түшүнбөй жатышат. Казуу менен коркунучту көбөйтүп жатышат.

Өзүңүз айттыңыз, “Кумтөрдөн” суу кошулуп жатат. Майлысуудагы сууну ичип жатышат. Айла жок. Башка суу жок. Демек, бул экологиялык проблеманы, өзгөчө уулуу заттар маселесин чечүүдө чет элдик инвесторлордун акчасын алып жатабыз. Уулуу заттар маселеси чоң проблема.

Адамдын экологиялык аң сезимин, ой жүгүртүүсүн, маданиятын жогорулатыш керек. Ал үчүн мектептен башташ керек. Экологиялык сабактар циклын комплекстүү чечип, жогорку окуу жайларда жакшылап окутуш керек. Эми угуучулар мени кечирип коюшсун, элибизде айтылат, улуу сөздө уят жок. “Эгер агып аткан сууга даарат ушатса эненин эмчегине жара чыгат”, деп айтышат. Кыргыздарда суунун бетинен айды көрбөөнү, сүттүн бетин түндөсү ачык калтырбоону айтышат. Сүт ай алдында калса уйдун эмчегине жара чыгат, дешет. Чабалекейдин уясын бузба! Убал болот. Мындай мисалдар көп.

Биз аларды каныбызга сиңирип алганбыз. Үрп-адат болуп калган алар. Мына ушундай деңгээлге жетип калганбыз. Экологиялык маселени акырына чейин чечиш кыйын.

Бекташ Шамшиев:- Назгүл айым, экономикалык кыйынчылыктын айынан экологиялык проблемаларга жакшы көңүл бурулбай кеткени жашыруун деле эмес. Мына Осмон мырза айтып жатат. Чет элдиктердин көмөгү болбосо өзүбүз демилге көтөрүп, өзүбүз жасабай жатабыз. Жана сөз башында айткан Ч.Айтматовдун айтылуу “Ак кемесиндеги” токойдогу жыгачтарды кыйып байыгысы келген Орозкулду алалы. Болбосо Ч.Айтматовдун башка чыгармаларында деле табиятка өзгөчө жырткычтык менен мамиле жасагандарды акыры келип жаратылыш өзү жазалайт. Ал эми иш жүзүндө абал таптакыр башкача. Жаратылышка бүлүк салгандардын жазасын алганын уга элекпиз. Мына жакында эле кырктан ашуун кайберенди атып келаткан жеринен кармалган киши кандай жаза алганы белгисиз бойдон калып кетти.

Назгүл Акматова: - Экология жалаң Кыргызстандын ички иши эмес. Кыргызстандагы экологиялык проблемалар башка өлкөлөр, чөлкөмдөр менен тыгыз байланыштуу. Мисалы, Миңкуш шаарчасында уулуу зат сактагычтары бар. Алар ушу тапта жарабай калчу абалга келип жетти. Ошон үчүн биздеги экологиялык кырдаал коңшу өлкөлөрдү тынчсыздандырбай койбойт. Ошол эле Mиңкуштан кырсык чыкса ал Өзбекстан менен Казакстанга да жетет.



Бекташ Шамшиев: - Осмон мырза, ушул эле суроону сизге бергим келип турат. Экологиялык проблемаларды чечүү, аларды каржылоо чет элдик донор өлкөлөpдүн көмөгү менен болуп жатат.

Осмон Тогусаков: - Жаратылышта баары бири-бири менен байланыштуу. Мейли флорасы, мейли фаунасы болсун. Мына социализм тушунда азайып бараткан Арал деңизине Сибирь дарыясын буруп толтуруу маселесин козгошту. Ошондо эсептеп көрүштү. Аягы эмне болот?

Албетте, партия чечими менен ал ишти аткарып койсо болмок. Бирок ошону менен эле маселе чечилип калбайт. Балким сактап калмак.

Аралдын соолушунун таасири бизге жетип олтурат. Мына кургактыкты айтып жатабыз. Суу жетишпейт. Анын айынан электр энергиясын аргасыздан өчүрүп атабыз дешүүдө. Анын канчасы төгүн, канчасы чын экенин биз айтпай эле коелу. Аны адистер эле билбесе. Экологиялык проблема жалгыз эле бизге тиешелүү болбостон, чөлкөм, атүгүл ааламдашып кетип жатпайбы.

Бекташ Шамшиев: - Анда сөзүбүздү жыйынтыктасак. Куруп берген маегиңиздер үчүн чоң ырахмат.
XS
SM
MD
LG