Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:22

Амирбек Усманов, Прага Иран парламенти жекшемби күнү көпчүлүк добуш менен Али Ларижанини бир жылга төрага кылып шайлады. Ларижани эларалык коомчулукка Ирандын өзөктүк программасы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/742668A0-4798-477B-9922-069DC4F30195.asp боюнча сүйлөшүүлөрдөгү топ башчысы катары белгилүү болсо, өлкө ичинде аны президент Ахмединежаддын атаандашы катары билишет. Талдоочулар Ларижани төрага болуп шайлануусун президент Ахмединежадга жана анын саясатына каршы урулган чоң сокку катары баалашты.

Иран парламентинде төраганы шайлоо эки айлампа менен өттү. 28-май күнкү алгачкы шайлоодо Ларижанини 232 депутат колдоп, 31 депутат каршы добуш берген. Иран парламентинде жекшемби күнкү добуш берүүгө 259 депутат катышып, алардын 237си Ларижанини колдошту. Парламентте бардыгы 290 депутат бар.

Байкоочулар Али Ларижани парламенттин төрагасы болуп шайлануусу менен президент Ахмединежад күчтүү атаандашка ээ болгонун жана депутаттар Ахмединежаддын саясатынан жалкып калганын белгилешти.

Али Ларижани өзү да шаршемби күнү парламентте төрага катары алгач сүйлөгөн сөзүндө, Иран өзөктүк программасына байланыштуу маселеде бекем турарын эскертти:

-(Батыш) Ирандын өзөктүк ишине байланыштуу Р5+1 (БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу беш мүчөсү жана Германия), ошондой эле Өзөктүк кубат боюнча эларалык агенттик арасындагы дипломаттык жана жашыруун аракеттерин токтотсун. Иран парламенти бу сыяктуу куйтулукка жол бербесин эскертип койолу. Берегидей жүрүм-турум тыйылбаса, парламент Ирандын Өзөктүк кубат боюнча эларалык агенттик менен кызматташуусуна жаңы чектөөлөрдү киргизет.

Ларижани былтыр Ахмединежаддын саясатына макул болбой, Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрдөгү тобун жетектөөдөн баш тартып койгон.

МАГАТЭ апта башында жарыялаган докладда Иран өзөктүк программасына байланыштуу маалыматтарды жашырып жатат деп сындаган.

Ларижанинин алгачкы сөзүн айрым байкоочулар анын президент Ахмединежад менен тирешүүсүнүн башталышы катары баалашты. Алардын бири Мешхеддик журналист Мухаммед Садек Жавадихешардын айтышынча:

-Ахмединежаддын жана анын тарапкерлеринин бирдиктүү жана сөздөн чыкпаган парламент түзүү аракетине карабастан, Ларижанинин алгачкы сөзү парламент өкмөткө караганда өзгөчө көз карашта экенин айкын көрсөттү.

Европалык дипломаттардын айтышынча, Ларижани Ахмединежадга караганда ийкемдүү, ички-тышкы саясаттан жакшы кабардар. Ак сөөк диниятчынын үйбүлөсүндө туулган Ларижани Ирандын руханий көсөмү Хаменейиге өтө жакын адам саналат.

Ларижани Батыш менен сүйлөшүүдө бекем позицияда турганы менен Ахмединежадга караганда прагматик саналат. Ушундан улам, Иран парламенти тышкы саясаттагы прагматикалык багыт үчүн добуш берди, деп эсептейт америкалык талдоочу Марк Газировски.
XS
SM
MD
LG