Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:29

1-июнда Бишкекте борбордук «Спартак» стадионунда жеңил атлетика боюнча 1980-жылы Москва олимпиадасынын чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эларалык жеңил атлетика мелдеши жыйынтыкталды. Бул эки күнгө созулган мөрөй талашууда кыргызстандык эки жөө күлүккө Бээжин олимпиадасына --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/sport/ky/2008/05/A617E246-DA1E-434A-8359-9FA756C1BC2F.asp жолдомолор ыйгарылды.

Москва олимпиадасынын чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган эларалык мелдеште Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын үч жүздөн ашуун жеңил атлетчилери күч сынашып, жарышты. Бул мелдештин эң башкы өзгөчөлүгү – мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендерге Бээжин олимпиадасына жолдомолор ыйгарылды.

Ошондуктан «Бээжинге жолум ачылып калаар» деп, зор үмүт менен Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келишкен жеңил атлетчилерден төртөө гана Бээжин олимпиадасына катышууга жолдомонун талаптарын аткарды. Алардын экөө кыргызстандык жөө күлүктөр болгонун өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов “Азаттыкка” буларды айтты:

-“Кыргызстандыктардан экөө-үчөө Бээжинге жолдомо алышы ыктымал” деген үмүт акталды. Казакстандык эки жеңил атлетчиден сырткары биздин кыргызстандык эки жөө күлүк дагы Бээжин олимпиадасынын жолдомосун алуунун талаптарын аткарды. Бул эл аралык мелдешти 7 жолу рекордго жаңы чек коюлду. Мындан сырткары Сирия, Израиль жана Кытай өлкөлөрүнөн да спортчулардын келиши күтүлгөн, бирок виза маселелеринин айынан келбей калышты.

Бээжинге олимпиадага жолдомону алууну көздөп Бишкекке келгендер бул мөрөй талашууда жеңил атлетиканын 33 түрүнөн күч сынашты. Дурус даярдык менен келип кыргызстандык жеңил атлетчилерден жөө күлүктөр Галина Педан менен Алексей Погореловдун Бээжин олимпиадасына жолдомо алышты. Экөө тең тоскоолдуктар аркылуу 400 метрге жарышта Бээжин олимпиадасынын жолдомосун алуунун талаптарын аткарды. Ошондой эле Бээжинге казакстандык жөө күлүк Евгений Мелишенконун дагы жолу ачылды.

Өлкөнүн жеңил атлетика боюнча башкы машыктыруучусу Бактияр Бокоевдин айтымында, соңку жылдары айылдык жаштардын жеңил атлетика болгон кызыгуусу ойгонуп, маркум Сатымкул Жуманазаровдой жөө күлүк болууну самагандардын катары арбып баратат. Аларга шарт түзүп, эл аралык мелдештерге катыштырып, каражат жагынан өкмөт колдоого алса, Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга дилгир жаштар бар экенин Бактияр Бокоев кошумчалады.

-Жалалабаттан Тилек Бекембаев спорт чебердигине талапкердик деңгээлден жогору чуркады: 800 метрге 1 минута 56 секунда көрсөткүчү болду. Көлдөн Улан Шайыкметов дагы ал 1992-жылкы жаш улан болсо дагы чоңдор менен жарышта жакшы даярдыгын көрсөтүп, өзүнүн жашына жараша дурус ийгиликке жетишти. Ал жылдан-жылга жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатат. Ойлойбуз, келечекте алар да ушул Кыргызстандын намысын спортто эл аралык мелдештерде татыктуу коргойт деген ишеним бар. Жылдан-жылга айылдык жаштардын жеңил атлетикага кызыгуусу күчөп баратат. Аларга шарт түзүп берүү гана керек.

Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакованын байгесине арналган мелдеште казакстандык жөө күлүктөр, жеңил атлетчилер мыкты даярдыгын көрсөтүү менен 12 алтын медалды олжолоп кетишти.

Учурда кыргызстандык жеңил атлетчилерден төртөө гана Бээжин олимпиадасына жолдомо утуп алышты. Алар бийиктикке секирүү боюнча Азиянын көп жолку чемпиону Татьяна Ефименко менен марафончу Юлия Архипова жана Бишкектен Бээжинге жолдомо алышкан жөө күлүктөр Галина Педан менен Алексей Погорелов олимпиадалык жарыштарга даярдык көрүшүүдө. Эми бир аптадан кийин Алматыда дагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн Бээжин олимпиадасына жолдомо ыйгаруучу Эл аралык мелдеш болмокчу. Мында дагы кыргызстандык эки-үч жеңил атлетчи Бээжинге жолдомо утуп алышы мүмкүн дешет спорт адистери.

Олимпиада чемпиону, кыргызстандык Татьяна Колпакова 1980-жылы Москвада өткөн жайкы олимпиадалык оюндарда узундукка секирүүдө 7 метр 6 см. көрсөткүчү менен алтын медаль тагынган. Учурда Татьяна Колпакова 6 жылдан бери Орусиянын Москва облусунун Королев шаарында жашайт. Анын байгесине Бишкекте ар жыл сайын эл аралык мелдеш өткөрүү салтка айланган. Быйылкы мелдеш он биринчи ирет удаасы менен өткөрүлдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG