Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:23

07:10 Шаршембиде “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны болот


Коомдук парламенттин мүчөсү Мирослав Ниязовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жыйында мамлекеттик түзүлүш жана башкаруу системасы талкууга алынат. Бул маселелер боюнча сунуштун демилгечиси М.Ниязовдун айтымында, өлкөнүн өнүгүп өспөй жатканынын негизги себеби-дал ушул башкаруу системасынын туура эмес болуп жаткандыгынан. Саясатчынын сунушу боюнча, губернаторлорду эл шайлашы керек жана аларга чоң ыйгарым укуктар берилиши зарыл. Мындан тышкары, ар бир областта областтык кеңеш түзүлүшү керек. М. Ниязов өкмөт башчы жана мамлекеттик катчы кызматтары элге эмес, президентке гана ыңгайлуу деп эсептейт. “БШК элди ажыратып, ич ара согушка алып келе турган курал болуп калды, БШК президентке жана аткаруу бийлигине көз каранды болбошу үчүн анын мүчөлөрү эл тарабынан дайындалышы керек”, дейт М. Ниязов. Бул сунуштар менен катар Конституцияны Улуттук негизги мыйзам деп атап, ага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу Жогорку Кеңеште гана болсун деген сунуш да бар.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG