Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:31

07;55 Кыргызстандын сабактары: Революция кандай болбошу керек


Ушундай темада Кубада талкуу-жыйын өттү. Иш чарага Кыргызстандан “Жарандар коррупция каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова катышып келди. Укук коргоочунунун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Чечня, Белорусия жана Кыргызстандан барган лидерлер пост-советтик өлкөлөрдөгү ахыбалды талкуулашып, Кыргызстандын мисалында революция кандай болбошу керектиги тууралуу сөз кылышты. Мындан тышкары лидерлер Кубанын бир катар провинцияларына барышып, демократиянын, адам укуктарынын абалы менен таанышып келишти. Кубага сапар “Адам укуктары жана демократия: партнердук көпүрөлөр” программасынын алкагында орун алган.(MSu)

XS
SM
MD
LG