Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

БУУ:Быйыл 120 миңден ашуун ооган качкындары мекенине кайтышты


Качкындар өз мекенине – Ооганстанга Бириккен Улуттар уюмунун Качкындар боюнча агенттигинин (UNHCR) жардамы менен кайтышкан. Алардын көпчүлүгү Пакистандан жана Ирандан келишти. Бирок Качкындар боюнча агенттиктин өкүлү Мохаммад Надир Фархад Ооганстан өлкө ичинде уланып жаткан кагылышуулардан жана экономикалык проблемалардан улам качкындардын чектелген гана санын кабыл алаары мүмкүн экендигин эскертүүдө. 2002-жылдан тарта аталган агенттиктин жардамы менен 4 миллион адам Ооганстанга кайткан. Бирок учурда Пакистанда 2 миллион жана Иранда 1 миллион оогандыктар жашайт.

XS
SM
MD
LG