Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:30

Пуэрто-Рикодо өткөн сынамык шайлоону Хилари Клинтон жеңди көрүнөт


CNN, Fox жана MSNBC өңдүү бир катар америкалык телеканалдар кезектеги чоң сынамык шайлоодо сенатор Хилари Клинтон атааңдашы Барак Обаманы жеңгенин кабарлашууда. Кариб деңизинде жайгашкан жана АКШнын территориясы деп саналган Пуэрто-Рикодогу добуш берүү Демократиялык партиянын президенттикке талапкерин аныктоо боюнча өткөн баштапкы шайлоолордун ириси болчу. Бирок Хилари Клинтон бүгүнкү жеңиши менен дале Барак Обамадан алдыга озуп чыга албайт. Акыркы эки ири сынамык шайлоолор 3-июнда Монтана жана Түштүк Дакота штаттарында өтөт.

XS
SM
MD
LG