Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:37

Македониянын өкмөт башчысы шайлоону жеңгенин жарыялоодо


Македониянын премьер-министри Никола Груевски кечээ өткөн парламенттик эрте шайлоодо анын центристтик-оңчул партиясы 120 орундуу парламентте 60тан көбүрөөк орунга жетишкенин кабарлоодо. Македониянын президенти Бранко Црвенковски шайлоо учурунда набыт болгон кишини капалануу менен эскерди. Кечээ добуш берүү мезгилинде борбор калаанын албан улутундагы тургундары жашаган аймагында кагылышуу болуп, бир киши өлүп, бир нече киши жаракат алган. Албаниялыктардын партиясы чыр-чатак орун алган аймактардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын тааныбастыгын жарыялады. Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Хавьер Солана кагылышуулар болгон аймактарда кайра добуш берүүнү өткөрүүгө чакырууда. Өлкөнүн коалициялык өкмөтү Сербиядан бөлүнгөн Косовонун эгемендигин таануу маселесинде жана НАТОго мүчөлүккө өтүүнү тездетүү жаатында бир чечимге келе албай ыдыраган соң, парламенттик эрте шайлоо өткөрүүгө аргасыз болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG