Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:37

Дем алыш күндөрү Франциянын тышкы иштер министри Бернар Кушнер 2 күндүк сапар менен Иракта болду. Июлдан тартып Еврошаркетке төрагалык кылууга даярданып жаткан Париж, биримдик Ирактагы кайра куруу иштерине катышуусун күч алдырат деп убада кылууда.

Нассирия шаарына аттанаардын алдында Кушнер визитин “тынчтыктын жана кызматташтыктын” белгиси катары сыпаттап, анын жүрүшүндө Франциянын Ирактагы реконструкция иштерине кошуп жаткан салымы сөз болот деген.

-Бул франциялык министрдин 9 ай ичинде Иракка экинчи ирет барышы. Сапар Франциянын Ирактагы саясаты жаңыланып жатканынан кабар берет, - деп белгиледи өлкөнүн тышкы мекемеси.

Le Monde гезитинин жазышынча, муну менен президент Николя Саркози мурдагы мамлекет башчы Жак Ширактын Ирак саясатынан арылып жатканын көргөзгүсү келет.

Кушнер Нассирияга Иорданиядан барды. Ал жерде министр Франция ирактык 500 чакты христиан качкынды кабыл алууга даяр деп билдирген.
Муну Кушнер кээ бир христиандар Иракта кысымга туш болууда деген кабарлар менен түшүндүрдү.
Насирияда Париждин өкүлүн вице-президент Адел Абдул-Махди тосуп алды.

1-июлдан тартып Франция Еврошаркетке төраглык кылат. 6 айлык мөөнөттүн ичинде Париж биримдиктин Ирактагы кайра куруу иштерине көбүрөөк катышуусун камсыздоого аракет кылат, - деп билдирди Франциянын тышкы иштер министрлиги.

Кушнер ошондой эле күрттөрдүн Арбил шаарына барып, Француз консулдугун ачуу аземине катышты.
Ал франциялык ишкерлердин Иракка көбүрөөк келишин колдой турганын билдирди.

Министрдин сапары алдында Швецияда Ирак боюнча эларалык конференция өткөн. Анын катышуучулары Нури ал-Маликинин өкмөтү акыркы айларда прогресске жетишкенин белгилешкен.

-Эларалык коомчулук Улуттар уюмунун жетекчилиги алдында Ирак элине колдоо көргөзөөрүн байма бай айтып келатат. Ошол эле маалда Нури ал-Малики жетектеген Ирак өкмөтү диалогго, улуттук жарашууга жетишүү үчүн, коңшу мамлекеттер менен алакаларын чыңдоого бар аракетин жумшоого тийиш, - деген Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун.

Бул аралыкта Австралия өкмөтү анын контингенти 1-июндан тарта согуштук операцияларга катышууну расмий аяктады деп жарыялады.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG