Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38
Бүгүн Кожомкул атындагы спорт ордосунда Сыймык Бейшекеев, Асель Турдалиева баштаган бир катар ырчы-чоорчулардын катышуусундагы чоң программадагы концерт өтөт. Кеченин өзгөчөлүгү анда өнөрпоздор сахнага балдары менен чыгышып, дуеттерди аткарышмакчы.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде кыргыз эл сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө ачылды. Анда Абдрай Осмонов, Тургунбай Садыков, Жыпара Адралиева, Юристанбек Шыгаев баштаган 12 эл сүрөтчүсүнүн ар кыл темада, түрдүү жанрда иштелген эмгектери коюлган.

Бул көргөзмө менен катар эле улуттук музейде музейде немец сүрөтчүсү Гудрун Криппнердин “Кыргызстанга көз караш, көз ирмемдер” аттуу жеке көргөзмөсү өтүүдө. Анда сүрөтчүнүн 100дөн ашуун фотосүрөттөрү бар.

-Көргөзмөнүн көрүүчүлөрү Кыргызстан тууралуу маалымат ала алышат. Башкача айтканда табияты, элдери тууарлуу. Эмгектери жаратуу үчүн өлкөнүн айрым аймактарында болуп, жашоо-шарт менен таанышып чыктым. Андыктан фотосүрөттөрдө өзүмө жакккан жана ошол эле учурда ирээнжиткен нерселерди чагылдырууга аракеттендим.

Мамлекеттик тарых музейинде “Байыркы Кыргызстандын алтындары” аттуу көргөзмө өтүүдө. Бул туурасында музейдин кызматкери Акылай Шаршеналиеванын айтуусунда бул экспозицияга Кыргызстандын аймактарынан табылган, тарыхкка байланыштуу алтын буюмдар коюлган.

7-июнда улуттук опера жана балет театрында Элвира Асанкулованын жеке концерти өтөт. Ал эми 8-июнь күнү Чайковскийдин “Ак куулар көлү” балети коюлат.

Орус драма театрында Шкваркиндин чыгармасына коюлган “Бөтөн бала” жана француз жазуучусу Клод Маньенин чыгармасына коюлган “Блез” комедияларын тартуулашат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG