Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

11:50 Министр С.Балкыбеков электр энергиясын үнөмдөөгө чакырат


Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалымат кызматынын бүгүнкү кабарлоосуна караганда, министр Сапарбек Балкыбеков 1-июндан 31-августка чейин электр энергиясын керектөөнү чектөөнү алып салган буйрукка кол койду. Бирок ар бир бөлүштүргүч компанияларга бөлүнгөн лимит сакталып кала берет. Маселен, “Түндүкэлектрого” июнь айында 236.6 миллион килловат саат, июль айында 237.7 миллион килловат саат лимит коюлган. Бөлүштүргүч компаниялардын жетекчилерине карызы бар керектөөчүлөргө энергия берүүнү даректүү токтотуу тапшырылган. “Калкты электр энергиясын үнөмдөөгө чакырабыз. Анткени электр энергиясын пайдалануу белгиленген лимиттен ашып баратса, анлда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмүн тийиштүү денгээлде сактоо үчүн өчүрүүлөр болот”, деп белгиленген министрдин чакырыгында.(AiT)

XS
SM
MD
LG