Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:06

16:21 Өкмөт башчы эл аралык финансы уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушту


Бүгүн өкмөт үйүндө Дүйнөлүк банктын, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын жана Эл аралык финансы корпорациясынын Бишкектеги өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен премьер-министр Игорь Чудинов жолугушуп, анда “Айыл банкын” менчиктештирүү маселеси талкууланды. Премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, эл аралык финансылык уюмдар “Айыл банкты” менчиктештирүү жараянын колдоорун билдиришти. Стратегиялык инвесторду кызыктыруу максатында “Айыл банкына” Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы 5 миллион, ал эми финансы корпорациясы 3 миллион доллар насыя бөлөөрү жолугушууда ачыкталды.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG