Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалымат катчысы Зухра Муминованын “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча жарыкты өчүрүүнү токтотуу жайкы аптап учурунда күчөөчү жугуштуу ичеги-карын ооруларынын алдын алуу жана туристтик сезондун башталышына байланыштуу болууда:
-Министр мындай жардыкка 29-май күнү кол койду. 1-июндан 31-августка чейин электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү токтотулат. Бул жайкы аптап күндөрү күч алуучу жугуштуу ичеги-карын ооруларынын алдын алуу жана кыргызстандык жарандар менен тең катар эле туристтердин да толук кандуу эс алуусун шарттоо максатында болду.
Зухра Муминованын белгилеши боюнча жарыкты өчүрүүнү токтотуу – керектөөчүлөргө электр энергиясын ченемсиз колдонууга укук бербейт. Эң биринчи кезекте керектөөчүлөр электр энергиясын сарамжал пайдаланууга аракет кылууга тийиш:
-Жарандарды электр энергиясын сарамжалдык менен колдонууга чакырабыз. Анткени эгерде керектөө белгилүү бир чектен ашып кетсе, биз жарыкты берүүнү мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болобуз. Баарыңыздарга белгилүү болгондой, биз күзгү жана кышкы мезгил үчүн сууну сакташыбыз керек, -дейт Зухра Муминова.
Электр энергиясын берүүнү маал-маалы менен токтотуу үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта башталган. Бул аралыкта электр энергиясы жалпы Кыргызстан боюнча алты сааттык убакыт менен күндүн түрдүү мезгилинде өчүрүлүп турду.
Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча мындай өчүрүү өзгөчө жайкы мезгилде көп деле пайда апкелбейт, ошондуктан жарыктын үзгүлтүксүз берилип башташы жакшы саамалык болду.
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин маалыматы боюнча ушул тапта Токтогул суу сактагычына 7,3 млрд куб суу толду. Адистердин айтуусунда суунун тиешелүү деңгээли 13 млрд кубга чейин чыгуусу тийиш. Кыргыз ИАнын суу көйгөйлөрү институтунун жетекчиси, академик Дүйшөн Маматкановдун “Азаттыкка” айтканы боюнча Токтогул суу сактагычында суу деңгээлинин азайып кетүүсү эле энергетикалык көйгөйгө алып келип жаткан жок, эң алды менен биз суу сактагычты пайдалануу эрежесинен четтеп кеткенбиз:
-Мындай чоң суу сактагычтардын өзүнүн эрежелери бар. Диспетчедик башкаруу графиги болуш керек. Үч-төрт жыл мурда эле белгилүү болушу керек: мындан кийин кайсы убакта канча суу берет, канча суу пайдаланылат, жетеби, жетпейби, алдын ала маалым болууга тийиш, -дейт Дүйшөн Маматканов.
Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү 1-июндан тарта жалпы Кыргызстан боюнча токтотулганын маалымдоодо. Ошол эле учурда Ош шаарынын айрым аймактарында эки күндөн бери 15-16 саттап жарык жок болууда. Жапалак айыл өкмөтүнүн тургуну Нурбектин айтуусунда Бишкекте пайда болгон мыйзамдар элет жерине оңой менен жетпейт:
-Эрте менен саат алтыда күйөт жарык, кайра эле бир-эки сааттан кийин өчөт. Ошол боюнча кечке чейин жок болуп, кечинде саат сегизден кийин күйөт. Кайрадан түнкү он эки болору менен өчүрүшөт. Мына эки күндөн бери деле ушул көрүнүш кайталанып жатат. Сутканын 24 сааты болсо, анын ичинен 6-7 саат гана жарыкты көрөбүз.