Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

18:06 Эки баланын өлүмүнө Коргоо министрлигинин машыгуу жайынын башчысы жооп бериш керек


Жогорку Кеңеш депутаты Ибрагим Жунусовдун айтымында, 8-май күнү Ош шаарындагы Тээке айылынын эки жаш тургуну Коргоо министрлигинин окуу полигонунан үйүнө алып келип ойноп жатып, жарылган снаряддан набыт тапкан. Балдардын биринин энеси да ооруканага жатып, эсине келбестен каза болгон. Парламентарийдин божомолунда, «Тээке – аскердик полигонго канатташ кыштак. Ошондуктан окуу борборунун жетекчилиги полигондун тегерегин катуу көзөмөлдөп, жарандарды объектиге жолотпош керек эле. Бул биринчи трагедия эмес. Демек, аскер башчылары жазаланууга тийиш!» Коргоо министрлигинин түштүк аймагы боюнча басма сөз катчысы Айгүл Надырова депутат Жунусовдун маалыматын төгүндөп, учурда комиссия окуяны иликтеп жаткандыгын билдирди. (АТо)

XS
SM
MD
LG