Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

РИМДЕ АЗЫК-ТҮЛҮК САММИТИ АЧЫЛАТ


Эртең Римде бүткүлдүйнөлүк азык-түлүк форуму ачылат. Улуттар Уюмунун демилгеси менен уюштурулуп жаткан жыйынга кыркка жуук өлкөнүн президенттери жана премьер-министрлери катышып, глобалдык кризисти --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/82E57B10-F1C0-46D5-8668-66BC1318ED17.asp жөнгө салуунун жолдорун талкуулашат. Форум үч күнгө созулат.

Азык-түлүк кризиси ушу тушта эле социалдык ири салакаларга алып келди. Акыркы үч жылда тамак-аштын эки эсе кымбатташы эле кирешеси төмөн өлкөлөрдө 100 миллион адамды терең жакырлыкка батырарын апрелде дүйнөлүк банктын башчысы Роберт Зеллик айткан эле.

Римдеги форумдун алдында дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Жозетта Ширан азыркы баалар сакталып турса,анда ушу туштагы бир миллиардга чукул кембагалдардын саны дароо эки миллиардга көбөйө турганын,анткени алардын тамак-аш сатып алганга материалдык даремети эки эсе кыскара турганын белгиледи.

Форумду утурлап жарыялаган докладында Улуттар Уюмунун адистери алдыдагы жыйырма жылда азык-түлүктүн баасы жогору бойдон каларын эскертишти. 2017-жылга чейин болжол менен эт азыктары - 20, күрүч- 30, буудай,жүгөрү жана кургак сүт 40-60, өсүмдүк майы 80 процентке кымбатташы ыктымал.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы өз докладында тамак-аштын кымбатташынан 22 өлкө өзгөчө жабыркаганын,алардын он сегизи Африкада экенин белгиледи.

Форумга Улуттар Уюмунун ырасмий өкүлдөрү,кырктан ашуун өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышат. Баш катчы Пан Ги Мун аларды соода-сатык чектөөлөрүн токтоосуз алып салганга, айыл чарбасындагы салыктарды жеңилдеткенге жана башка чараларды көргөнгө чакырганы жатат. Эксперттер арасында да бул темада кеңири талкуулар болот жана ар түрдүү идеялар,сунуштар айтылат.

Адистердин көбү азыркы кризистин себебин дан өсүмдүктөрүн биологиялык отун катары колдонуу практикасы кеңири жайылып баратканынан көрүшөт.Бирок бул пикирге макул болбогондор да бар. Алардын арасында АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс проблеманын негизги бөлүгү биологиялык отунга эмес, жер семирткичтерге энергиянын көп сарпталышына, транспорт кызматтарынын кымбатташына жана башка факторлорго байланыштуу болушу ыктымал деген көз карашын билдирген эле.

Римдеги форум таза саясий планда да коомчулуктун көңүлүн бурчудай. Баарыдан мурда ага Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад, Зимбабвенин лидери Роберт Мугабе сыяктуу эл аралык жамаат менен анчейин алакасы жок саясатчылардын катышканы жатканы азыртан эле бүйүр кызыта баштады.

Форум үч күнгө созулат. Дүйнөлүк азык-түлүк кризиси андан соң июлда Японияда “сегиздикке” кирген өлкөлөрдүн кезектеги саммитинде да каралмакчы.

XS
SM
MD
LG