Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Хилари Клинтон Пуэрто –Рикодогу баштапкы шайлоодо жеңди


Демократиялык партиядан президенттикке талапкерди аныктоо үчүн өтүп жаткан баштапкы шайлоонун кечээ Пуэрто –Рико аралындагы бөлүгүндө аны шайлоочулардын 68 пайызы, атаандашы сенатор Барак Обаманы 32 пайызы колдогон. Анткен менен бул жеңиш Хиллари Клинтондун талапкер болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулаткан жок. Обама Демократиялык партиянын президенттикке талапакерди бекитүүчү жалпы улуттук курултайына чогулткан делагаттардын саны жагынан артыкчылыгын сактоодо. Демократиялык партиянын ички партиялык жарышынын акыркы экөөсү ушул аптада Монтана жана Түштүк Дакота штаттарында өтөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG