Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

3-ИЮНЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстан Мамлекеттик китепканасынын уюшулуш күнү 1934-жылга туш келет. Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод 1964-жылдын бул күндөрү ишканадан чыккан пресс-подборщиктерди биринчи жолу Алжир Элдик Демократиялык Республикасына жөнөткөн.

Жетисуулук Түркстан жакырларынын башын бириктирген «Кошчу» кошуунун Борбордук комитетинин төрагасы Рахманкул Худайкулов 1924-жылдын бул күндөрү бай-манаптар табына каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү талабын көтөргөн. «Кошчу» кошуунунун жыйындарында сүйлөгөн Р Худайкулов Жетисууну дале бай-манаптар бийлеп аткандыгы айтылып, алардын тамырын кыркуу зарылчылыгы белгиленген. Р Худайкулов миңдеген адамдардын башын бириктирген кошуунду жетектеп, ошол убактагы кыргыз партиялык-мамлекеттик шатычасындагы эң таасирдүү бийлик адамы деп

Кыргызстан Мамлекеттик китепканасынын уюшулган күнү 1934-жылга туш келет. Жаңы уюшулган биримдикке Фрунзе борбордук китепканасы менен Мамлекеттик пландоого караштуу Илимий китепканалар баш кошкон. Мамлекеттик китепканада адегенде 16 миң китеп сакталып, кийин алардын саны жылдан жылга улам көбөйүп турган.

Мамлекеттик китепканага 1938-жылы Николай Чернышевскийдин ысмы ыйгарылып, 1984-жылы В. И. Лениндин атын алып, 1990-жылдардын башталышында болсо ал «Улуттук китепкана» болуп өзгөргөн.

Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын чыгаруучу завод 1964-жылдын бул күндөрү ишканадан чыккан пресс-подборщиктерди биринчи жолу Алжир Элдик Демократиялык Республикасына жөнөткөн. Айыл чарба машиналарын чыгаруучу заводдун продукциялары ал убакта союздук республикалар эле эмес, Европа өлкөлөрүнө чейин чыгарылып заводдун продукциялары кардарлардын туруктуу талабын жаратып турган.

КПСС Борбордук комитетинин генералдык секретары М. С. Горбачевдун 1986-жылкы «эмгектен тышкары табылган кирешеге каршы күрөштү күчөтүү» программасына ылайык Советтер Союзунда тоталдык текшерүүлөр башталган. Фрунзе шаарында бул күндөрү фискалдык жана күч органдары жеке чарбада өстүрүлгөн жашылча, жемиштерди, гүл питомниктерин аныктоого киришкен. Шаардын сыртында орун алган парник жана теплицалар кыйратылып, жеке ишкерлер үчүн миллиондогон акча зыян алып келген «эмгектен тышкары табылган кирешеге каршы күрөштүн» натыйжалары ушундай жол менен чыгарылган.

Советтер Союзунун акыркы жылдары Кыргызстанда улуттук аң-сезим күч алып, маданият баалулуктары менен тарыхый эс тутумга болгон кызыгуу арткан. Кыргызстан коммунисттик жетекчилигинин тыюу салуусуна карабастан 1991-жылдын 3-июнь күнү Сокулук районунун Асылбаш айлында 1916-жылкы көтөрүлүштүн 75 жылдыгына арналган эскерүү митинг өткөрүлгөн. Митинг Кыргызстан демократиялык кыймылы менен «Ашар» кошуундарынын демилгеси аркылуу уюштурулуп, андан кийин анын катышуучулары кыргыздардын Кытайга качкан жолу аркылуу жүрүштү башташкан.

Кыргызстан бардык Борбордук Азия өлкөлөрү сыяктуу эле 1992-жылдын январь айында Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кабыл алынып, ушул жылдын 8-июлунда ал уюмдун талаптарын кабыл ала турган негизги документтерге кол койгон. Анын натыйжасында Кыргызстан үчүн дүйнөлүк коомчулук менен интеграциялашууга жол ачылып, 1994-жылдын 8-июнунда Кыргызстан Европа коопсуздугунун Париж Хартиясы менен келишим документке кол койгон.

ЮНИСЕФ эларалык уюму тарабынан 1994-жылдын бул күндөрү жүргүзүлгөн иликтөөлөргө караганда Кыргызстанда жашаган наристелердин 44% йод жетишсиздигинен запкы тарткандыгы маалым болду. Совет мезгилинде мындай мүнөздөгү өксүктүк деңиз продукциялар жана йоддолгон туз аркылуу камсыздалып турган.
XS
SM
MD
LG