Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:28

ЖАЛАЛАБАТТА «АТА МЕКЕН» ПАРТИЯСЫ САЯСИЙ КУУГУНТУКТАРДЫ АЙЫПТООДО


2-июнда жыйын курган “Ата Мекен” партиясынын облустук бөлүмү Коомдук парламенттин облустагы өкүлү Жылдыз Эргешованын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/46EF04F4-E059-458E-A741-210826A4CFDB.asp үстүнөн жүрүп жаткан сурак иштерине тынчсыздануусун билдирди. Партиянын башка мүчөлөрү менен “Мен ишенбейм” акциясынын жана Түптөгү жөө жүрүштүн катышуучуларына, өлкөдөгү эркин гезиттер менен сыналгылардын айланасындагы соттук териштирүүлөрдү саясий куугунтук деп баалашты. Эргешовага байланыштуу кылмыш ишин жүргүзгөн Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү жогоркудай айыптарды четке какты.

Ушу тапта сөз жана басма сөз эркиндиктери менен бирге адам укуктарына кысым жасалууда. Мындай көрүнүштөрдү “Алиби”, “Де-факто” гезиттери менен “Сентябрь” сыналгысына жасалган тоскоолдуктар, “Мен ишенбейм” акциясынын жана Түптөгү жөө жүрүштүн катышуучуларына жасалган мамиле ырастай алат. Коомдук парламенттин облустагы өкүлү Жылдыз Эргешовага ачылган кылмыш иши беш айга созулуп, жактоочусу экөө аны менен таанышкандан кийин сотко өткөрүлгөнү турат.

Ушундай окуяларды саясий куугунтук деп баалаган партиянын обулустук бөлүмү 2-июнда Кыргызстан калкына кайрылуу кабыл алып, аталган окуялар үчүн бийликти күнөөлөгөнүн жооптуу катчы Асылбек Текебаев билдирди:

- Бардык жерде адам укуктарына болгон чектөөлөр, басма сөз, сөз эркиндигине болгон кысымдар көп кездешип жатат. Муну бир топ гезиттерге, телеканалдарга болгон кысымдар аркылуу белгилеп кетсе болот. Ошондой эле “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрүнө, Түп жүрүшүнүн катышуучуларына, “Мен ишенбейм” кыймылынын катышуучуларына болгон кысымдардын бардыгын биз саясий куугунтук деп эсептейбиз. Мындай көрүнүштөр өлкөдө көп болгон сайын, бул диктатуранын эң чоң чегине кетип жатканыбызды билдирет. “Ата мекен” социалисттик партиясынын Жалалабат облустук уюмунун мүчөлөрү өлкөдө болуп жаткан мындай көрүнүштөр азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан туура эмес саясаты деп эсептейбиз.

Жылдыз Эргешовага кылмыш иши негизсиз козголгон. Ал кошумча бюллетень алганы жаткан кызды паспорту менен кармап алганы үчүн айыптуу эмес. Коомдук парламенттин облустагы дагы бир мүчөсү Ильич Нарматов аталган окуяга себепкер болгон шайлоокомду да жоопко тартуу өтүнүчү менен шаар прокуратурасына кайрыла турган болду:

- Эргешова Жылдыздын үстүнөн туура эмес тергөө жүргүзүп жатышат. Эч кандай бирөөнүн паспортун алып, тоноочулук кылган эмес. Бул жерде участкалык комиссиянын мүчөлөрүн жана төрагасын сотко бериш керек. Анткени алар өзүлөрү ошол нерсеге жол берген.

Партиянын карыя мүчөсү Кушбак Султановдун берген баасына караганда баалардын кымбаттаганын дүйнөлүк деңгээлге салыштырган жетекчилер айлык, пенсия, пенсия пособиени ошого теңөөнү унутууда. Азык-түлүк, электр жарыгы, күйүүчү май кымбаттап, Көктөм айында жамгыр жаабагандыктан адырда чөп өспөй, чөп таңкыстыгы күтүлүүдө:

- Бензин, солярка күндө кымбаттап атат. Кандай акыбалга барат кыргыз эли мен түшүнбөй калдым. Анын үстүнө быйыл аба ырайы да начар болуп, март, апрель айларында жамгыр жаабай койду. Ушундай акыбал боло берсе мал күтүш мүмкүн болбой калды. Азыр бир пресс чөптүн баасы 100-150 сомго чыгып кетти. Мамлекет деген, өкмөт деген бар, кичине элдин көйгөйүн карашабы.

Партиянын областтык уюмунун төрагасынын орунбасары Кадырбек Жакыпов:

- Кыргызда мындай макал бар “айран ичкен кутуруп, челек жалаган тутуруп” деген. Мыйзам бузууларды алдын алып, ошону болтурбайын деген аракети үчүн ушундай куугунтукка кабылып отурат. Партия мунун анык-чынына жетип, адилеттүүлүктүн аягына чыкканга аракет кылабыз, - деди.

Парламенттик шайлоодо паспортун алдырган кыздын арызынын негизинде Жылдыз Эргешовага кылмыш иши козголгон. Жалалабат шаардык ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Анарбек Асрановдун айтымында, Эргешова шайлоо комиссиясы менен акты түзбөгөн жана паспортту үч күндүн ичинде ээсине берген эмес. Окуяга байланыштуу ага кылмыш кодексинин 167-жана 248-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Иш менен таанышууга адвокаты экөө келбей атышат:

- Жылдыз айымдын кыймыл аракетинде Кылмыш жаза кодексинин 167-беренесинин биринчи бөлүмү жана 248-беренин экинчи бөлүмүндө кылмыштын курамы бар. Ошондуктан биз кылмыш иш козгогонбуз. Эч кандай саясий куугунтук жок. Эч ким мага тигиндей-мындай кыл деп көрсөтмө берген эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG