Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

ГРУЗИЯ РОССИЯНЫ КАЙРАДАН “АГРЕССИЯЛЫК АРАКЕТТЕРИ” ҮЧҮН АЙЫПТАДЫ


Кечээ Тбилисиде орус элчиси Грузиянын тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага кезектеги нааразылык нотасы тапшырылды. Мындан эки күндөй илгери Москва төрт жүздөй темир жолчу аскерлерди Абхазияга киргизген эле. Тбилиси муну кайрадан орустардын агрессиясы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A119EA49-EFA0-4B09-AA92-78594E88D508.asp катары кабыл алды. Ушул жумада регионго Евросоюздун жогорку өкүлү Хавер Солана келмекчи. Азыр аймактагы жагдайды Евросоюздун элчилери иликтеп жатышат.

Элчилердин делегациясы Абхазиянын жетекчилери менен жолугушуп, Сухими-Тбилиси ортосуна Евросоюз арачы болгонго даяр экендигин ырасташты. Буга байланыштуу Грузиянын улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Александр Ломайа жаңжалды жөнгө салуу боюнча Тбилиси кеңири план иштеп чыкканын, аны жүзөгө ашырууга бир катар эл аралык уюмдар, алардын ичинде Еврокеңеш макул болуп, колдоого алганын майдын этегинде “Азаттыкка” билдирген эле.

Ушу аптада Тбилисиге Евросоюздун тышкы саясат жана коопсуздук иштери боюнча жогорку өкүлү Хавер Солана келгени жатат. Ал сепаратисттердин жетекчилери менен жолугуп, аларды ыкка келтирүүгө аракет кылат, андан соң Москвада болот. Ломайа мындай аракеттердин, ошондой эле жаңы орус президентинин көмөгү менен маселени чечкенге грузин лидерлери абдан үмүткөр экенин, жакшы санаасын көрсөтсө Россия бул проблемада татыктуу роль ойной аларын да белгилеген болчу.

Бирок ошол эле күнү Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамба: “Грузия Россия же АКШ менен эмес, баарыдан мурда биз менен тил табышы керек, ансыз эч кандай натыйжа болбойт. Биз менен сүйлөшүү үчүн болсо түзүлгөн келишимди кынтыксыз аткарышы керек”, - деп ырастады. Шамба буга кошумчалап абхаз тарабы мындан эки жыл мурда эле өздөрүнүн сунуштарын Тбилисиге бергенин эске салды. ”Ал жерде биздин позициябыз так баяндалган, андан баш тарта турган ниетибиз жок. Москвага барабы, Вашингтонго же Брюсселге даттанабы, кайда барса, ошо жакка барышсын,андан пайда чыкпайт”, - деп айтты Шамба.

Ал эми орустардын Абхазияга киргизилген темир жолчу аскерлери тууралуу таанылбаган республиканын коопсуздук кеңешинин катчысы Станислав Лакоба алардын башкы максаты Сочидеги Олимпиадага даярдык көрүү планы менен байланыштуу экенин, мунун баары мурдагы макулдашууларда каралганын кабарлады.

Тбилисиде муну Россиянын “агрессиясы жана аскерий интервенцияга даярдыгы” катары кабыл алды. Орус элчиси тышкы иштер министрлигине чакыртылып, ага кезектеги нааразылык нотасы тапшырылды.

Грузия буга чейин да Москваны бир нече ирет Абхазияны басып алганы жатат, мындан тышкары чалгындоочу аппаратыбызды атып түшүрдү деп айыптаган. “Бизде ушундай 50гө жакын аппарат бар, аларды өз территориябызда учуруп жатабыз, муну менен Россиянын дегеле иши болбошу керек”, - деп көрсөттү жакында президент Михаил Саакашвили.

Грузиндердин чалгындоочу аппаратын чын эле орустар атып түшүргөнүн Улуттар Уюмунун миссиясы бышыктаган эле. Ошол эле учурда миссия учкучу жок мындай аппараттарды учуруп, Тбилиси ок атышууну токтотуу тууралуу Грузия менен Абхазиянын ортосунда кол коюлган келишимди бузуп жатканын да белгилеген.

XS
SM
MD
LG