Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

ГРУЗИЯ ДАГЫ БИР ЖОЛУ ОРУСИЯГА ОЛУТТУУ ЭСКЕРТҮҮ ЖАСАДЫ


Муса Мураталиев, Москва Басма сөз каражаттарынын жазганына караганда Москва менен Тбилисинин ортосунда Абхазиядан улам дагы бир жолу чатак чыкты. 2-июнь күнү Грузиянын Тышкы иштер министирлиги Орусиянын ал мамлекеттеги элчисин чакырып, ырасмий эскертүү нота тапшырган. Чатак 31-майда Орусия темир жол тармагын оңдоо жумушун жүргүзөт деп өзүнүн 400 аскерин Абхазияга киргизгенден улам чыккан. Москванын андай кадамын Грузия бийлиги агрессия --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/A119EA49-EFA0-4B09-AA92-78594E88D508.asp деп айыптап, Орусия болсо кайрымдуулук иш-чарасы болуп атат деп баалаган.

2-июнда Грузиянын тышкы иштер министри Эка Ткешелашвили журналисттер алдында "чындап эле Абхазия чет элдик аскерлердин басып кирүү коркунучу алдында калды", - деп айткан. Ошол себептен Москванын өз аскерлерин тез аранын ичинде чыгарып кетүү талабын коюп, Орусиянын ал өлкөдөгү элчиси Вячеслав Коваленкого нааразылык катын тапшырган. Мунун Тбилисинин Москвага 38-эскертүүсү экенин айтышат.

"Газета" басылмасы Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берип, Абхазияга куралсыз 400дөй аскер киргизилгенин жана алардын темир жолду оңдой тургандыгын жазат. Серепчилер Москванын таанылбаган жумуриятка Тбилиси менен макулдашпай туруп темир жолчу аскерлерин киргизүү - бери дегенде Грузияны тоотпостук дешет. Саясий технология борборунун башкы деректири Игорь Буниндин айтымында, Орусия бул жерде чектен чыккан иш жасап, иш жүзүндө Абхазияны таанып атат.

Орусия темир жол салуучу аскерлерин Абхазияга киргизген күнү АКШ мамлекеттик департамент өкүлү Шон Маккормак орусиялык өкмөткө мындай жагдай Кошмо Штаттарды бушайман кыла тургандыгын билдирген.

Серепчилер бул жолку чатакты 6-июнда Санкт-Петербургда президенттер Дмитрий Медведев менен Михаил Саакашвилинин жекеме-жеке жолугушуу маалында ортодо каралуучу маселе болот дешет.

"Азаттыктын" кабарчысы менен болгон маегинде грузиялык саясий төбөлдөр «Эмне себептен чыр басылбай аткан жерге Орусия темир жол аскерин жиберет, Тбилиси менен кеңешип туруп темир жол салчуларды эле жибербейт?» - деп айтышкан.

-Элден мурда качкындар кайтып келишсин. Алардын укуктары, менчигине болгон, дагы башка укуктары калыбына келтирилсин, анан соң башка маселени талкуулоо дурус, - дейт өлкө парламентинде Грузиянын жеринин бүтүндүгүн камсыз кылуу комиссиясын жетектеген Шота Малашхия.

Кызык жери, саясатчынын бул суроосуна орусиялык мурдагы президент мурда эле жооп берген эле. Мурунку аптанын этегинде Парижде жүрүп Владимир Путин "Le Monde" гезитинин кабарчысы менен болгон баарлашуу маалында Түндүк Кавказдагы абалга кайрылып, анын ичинен Абхазия менен Түштүк Осетия боюнча ой бүтүмүн айткан:

-Грузин элинин качып чыгуусу болгону - ырас. Бирок кийин Абхазиянын Гальский районуна 55 миң грузин кайтып келишкен... Мен абхаз жетекчилигине кайрылып, аларга уруксат берилген. Биз бирге жүргүзүлүүчү энергетика, чегара жанындагы кызматташуу, инфраструктуралык курулуштар, темир жол тармагын кайра калыбына келтирүү боюнча маакулдашканбыз.

Серепчилер Тбилисинин артынан жүргүзүлгөн ушул сүйлөшүүнү да Маскөөнүн жең ичинен Сухумини тааный баштаганынын бир мисалы дешет.

XS
SM
MD
LG