Линктер

бейшемби, 27-апрель, 2017 Бишкек убактысы 21:08

АКШ Казакстандын лидерлерин “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун интернет баракчасынан коркпоого чакырды


“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак тилиндеги интернет баракчасын ушул жылдын 11-апрелинен тарта Казакстанда ачууга мүмкүн эмес. Интернет сайт мамлекеттик “Казтелеком” тарабынан тейленет. Кечээ мамлекеттик департаменттин маалымат-катчысы Шон МакКормак журналисттерге брифинг өткөрүп, казак бийлигин радионун сайтынан коркпоого үндөдү. Шон МакКормак “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун маалыматы фактыларга гана негизделерин белгилеп өттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG