Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

“ЧУБАКТЫН КУНУНДАЙ” ЧУБАЛГАН ЧУУ


Бүгүн 3-июнда Жогорку Cотто “Кыргыз керек-жаракчылар кошуну” коомдук бирикмеси менен Бизнес, финансы жана башкаруу укугу эл аралык академиясынын ортосундагы мүлк талашуу маселесине чекит коюлат. Эки тарап тең бири-бирин кыймылсыз мүлккө мыйзамcыз ээ болуп алышкан дешип айыптоодо.

Учурунда Кыргыз керек-жарак коому өлкөдөгү соода- сатыкты жөнгө салган, бардык айыл- кыштактарда дүкөнү, даярдоочу түйүндөрү бар таасирдүү мекеме эле. Эгемендик менен кошо Кыргыз керек-жарак коомунун айрым мүлкү, көпчүлүк дүкөндөрү менчиктештирилип, улам бир жетекчи алмашып, чыры- талаш - тартышы бүтпөй келатканын адистер айтып, сынга алып жүрүшөт.

Өлкөдө азык- түлүк баалары өсүп, кризис тереңдеп бараткан учурда “Кыргыз керек-жаракчылар кошуну” коомдук бирикмеси менен Бизнес, финансы жана башкаруу укугу эл аралык академиясы ортосундагы кыймылсыз мүлк талашуу маселеси беш ирет сотто каралып, эми экинчи айлампа менен кайрадан Жогорку Сотко келип жетти.

Бизнес, финансы жана башкаруу укугу эл аралык академиясынын ректору Касира Назарматованын пикиринде беш жылга созулган соттук териштирүүлөрдө алар бирде утулуп, кээде утуп, эми акыркы бүтүмдү чыгаруу Жогорку Соттун карамында калды. Анын айтымында, “Кыргыз керек-жаракчылар кошуну” коомдук бирикмеси мыйзамсыз түрдө мурдакы Кыргыз керек- жарак коомунун мүлкүнө ээ болуп алып, анын элге 283 млн. сом карызын төлөөнүн ордуна жогорку окуу жайдын имараттарын тартып алуу менен аны да сатыкка койгону турат.

“Кыргыз керек-жаракчылар кошуну” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамбул Абакиров мындай пикирге макул эмес. Анын айтымында, Бизнес, финансы жана башкаруу укугу эл аралык академиясынын ректору Касира Назарматова өзүнүн менчик окуу жайына Кыргыз керек- жарак коомунун жана анын кооператив техникумунун имараттарын, жатаканасын мыйзамсыз менчиктеп алган. Бул жогорку окуу жайынын студенттери талаада калбайт, алар мурда катталган керек- жарак академиясында окууларын уланта беришет. Жатакана, окуу имараттары эч кимге сатылбайт жана менчикке берилбейт, деп кошумчалады Жабул Абакиров.

Кыргыз керек-жарак коомунда көп жыл иштеген ардагер Бермет Казиеванын пикиринде ушул мекеменин бардык курулуш, имараттары элдин эсебинен курулган. Улам бир жетекчи алмашкандыктан жең ичинен коомдун далай мүлкү сатылып кетти. Учурда айыл- кыштактарда айыл чарба түшүмүн далдалчылар колдон арзан баада алып, керек- жарак коомунун орду, зарылдыгы айкын сезилип жатат. Ошондуктан эки тарап мүлк, имарат талашуунун ордуна кыргыз керек- жарак коомун калыбына келтирип, адистерди даярдоого салым кошуп, элге кызат көрсөтсө дурус болмок, дейт ардагер Бермет Казиева.

Ушундай талаш-тартышуунун айынан Бизнес, финансы жана башкаруу укугу эл аралык академиясынын окуу программасы дагы үзгүлтүккө учурап, үч миңден ашуун студентти жана 200дөн ашуун окутуучулары да эртеңки күнүбүз эмне болот дешип, кабатыр болуп турушат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG