Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:32

Кабыл Макеш, Үрүмчү-Бишкек Өткөн аптада Бээжинде өткөн эл аралык спорт журналисттер ассоциациясынын 71-Конгрессине Кыргызстандан делегат болуп катышкан спорттук баяндамачыбыз Кабыл Макеш Үрүмчү шаарынан кытайлык кыргыз жигити, жеке ишкер Ардак Толкун менен жолугуп, Кытайдагы кыргыздар, Кытай- Кыргызстан достук байланыштары, белгилүү манасчы Жусуп Мамай, Бээжин олимпиадасына даярдыктар, Мянмадагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/06/3DAC57B9-504A-445B-BC0B-550DC897AAA9.asp жер титирөөнүн залакасы тууралуу маектешкен.

-Ардак мырза, Кытайда канча кыргыз атуулу жашайт? Алар жашоо-тиричилиги үчүн эмне жумуштар менен алектенет? Жашоо жагдайы кандай?

-Кытай эл республикасында жашаган кыргыздардын саны 150 миңдей деп жүрөбүз. Ал эми Үрүмчү шаарында болсо жети-сегиз миңдей кыргыз жашайт. Кытайдагы кыргыздардын көпчүлүгү мал чарбачылыгы менен алектенет. Үрүмчү шаарында болсо кыргыздар радио редакциясында, эл өкмөтүндө, жогорку окуу жайларында, мектептерде жана ишкерлик менен алектенип эмгектенет.

-Белгилүү манасчы Жусуп Мамай аксакалдын денсоолугу кандай? Сиздин чоң атаңыз кыргыздан чыккан генерал болгон экен? Деги эле Кытай бийлигинин кыргыздарга мамилеси кандай?

-Кытай бийлигинин, өкмөтүнүн жергиликтүү кыргыздарга мамилеси жакшы. Биздин белгилүү манасчы атабыз Жусуп Мамай 80 жаштан ашып, дале күүлүү- демдүү. «Манас» эпосун дүйнөгө таанытууга, кыргыз маданиятын, каада- салттарын сактоодо, жаштарга мурас кылууда Жусуп Мамай опол тоодой эмгек кылды. Менин чоң атам Кытайда «Манас» коомдук корун түзүп, улуу эпосту, дастанды кытай тилине которууга салым кошуп, Жусуп Мамайдын китептерин Бээжинден чыгарууга чоң эмгек сиңирген инсан болгон. Кытайдагы кыргыздардын жашоо-шартын оңдоого эл депутаты катары да үлүш кошкон. Ошондой эле Кытайда топоз, төө баштаган малдын тукумун өстүрүү, изилдөө боюнча өкмөттүк комиссияда иштеген. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондо Кытайдагы кыргыздардын делегациясын баштап Бишкекке биринчилерден болуп келген.


Кытайлык кыргыз Ардак Толкун

-Кытай-Кыргыз кызматташтыгын, достук байланыштарын чыңдоодо кыргыздардын ролу кандай болуп жатат?

-Достук байланыштар кыйынчылык башка түшкөндө билинет экен. Биздин көп улуттуу Кытайдын башына жаманчылык келип, 8 баллдан ашкан жер титирөө болуп, миңдеген элибиз жапа чекти.

Кытай өкмөтү жана калкы зилзаларын кесепеттерин жоюу боюнча алгачкы күндөрдөн тарта эле жигердүү жана натыйжалуу чараларды көрүп жатышканы маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып турду. Учурда Мянмада 2.5 миллион адам чукул жардамдан көзү өтүп турган кез.

Биздин өлкөнүн аскерий жетекчилиги жалпысынан 2,5 миллион адамга таасири тийген жер титирөө кырсыгынын кесепеттерине каршы күрөшүү үчүн чет мамлекеттерден жардамчы күчтөрдүн, дарыгерлердин, адистердин келишине өткөн жума күнү макул болушкан.

Эми урандылар алдында калгандарды аман табууга үмүт аз, өкмөт болсо эпидемияны, жер көчкү, суу ташкын өңдүү кийинки ыктымал кырсыктарды алдын алууга көңүл буруп жатат.

Анткени жер титирөөнүн соңунан 30га жакын жаңы көлдөр пайда болгон. Талкаланган курулаштар айрым дарыялардын агымын бөгөп калгандан улам жаралган ал жасалма көлдөр суу ташкын коркунучун жаратууда. Ошондой эле радиация булактары ачылып кетеби деген коркунуч бар. Өлкөнүн Айлана–чөйрөнү коргоо министрлигинин өткөн жума күнкү билдирүүсүнө караганда, радиациянын 50дөй булагы көмүлдү, дагы 35тей булагы коопсуздандырылды. Ошондой болсо да 15тей радиация булактары талкаланган имараттардын алдында калууда.

Мянмада жер титирөөдөн 15 миллиондой турак үй кыйраган. Чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар турак үйү кыйрагандарга баш калканч кылып туруу үчүн чатырларды берип, андан кийин үй салуу үчүн курулуш материалдарынан жана акчалай жардамдарды берип жатышат. Ошондой эле зилзаладан аман калып, бирок үй-жайынан кол жуугандардын көбү башка аймактарга көчүрүлүүдө.

Кыргызстандын Чукул кырдалдар министрлиги Кытайдагы жер титирөөдөн жабыр таркандарга Орусиядан кийин экинчи болуп, 120 тонна гуманитардык жардам жөнөткөнүн угуп Кытайдагы кыргыздар абдан ыраазы болдук. Ушундай кыйын кырдаалда жардамга кол сунган кыргыз өкмөтүнө биз дагы ыраазыбыз. Учурда дагы 65 тоннадан ашуун иче турган таза суу жөнөткөнүн угуп дагы кубандык .

“Эне тилин эси жоктор гана унутат”

-Эми августта Бээжинде жайкы олимпиадалык оюндар болгону камылга көрүлүп жатат. Сиздин оюңузча даярдыктар кандай деңгээлде болууда?

Учурда бүткүл Кытай эли олимпиадалык оюндардын деми менен жашап, чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Негизги спорт имараттары эбак бүткөн. Майда-чүйдө жасалгалоо иштери гана калды дешүүдө. Кытайда биринчи ирет олимпиадалык оюндар өткөнү жаткандыктан бардык аймактарда Бээжин олимпиадасынын жарнамасы илинүү.

Кытайлыктар дагы жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээлейбиз дешип, катуу даярдык көрүшүүдө. Бул олимпиада башкаларга салыштырмалуу абдан таасирдүү жана кызыктуу болот деп ишенип турабыз. Себеби кытайлыктарды олимпиаданын духу, деми абдан бириктирип, достугун чыңдап койду.



Ардак Толкун, Кабыл Макеш жана Улугбек Салымбеков

-Сиз кытайлык кыргыздардын өкүлү болсоңуз дагы эне тилиңизде таза сүйлөйт экенсиз. Кыргызстан менен байланыштарыңыздар кандай?

-Биздин үйбүлөдө жалаң кыргызча гана сүйлөйбүз. Эне тилин эси жоктор гана унутат. Алыста жүргөндүктөн эне тилдин, мекендин дагы кадырын биз жакшы билебиз. Андан сырткары мен 1996-жылы Кыргызстандагы эл аралык университетинин Караколдогу филиалында беш жыл окуп, билим алгам. “Алысты жакын кылган кыз” дегендей Бишкектик кызга үйлөнүп, Атбашынын күйөө баласы болуп калгам. Учурда бир кыздуу болуп, ишкерлик менен алектенип, Үрүмчүдө жашап, иштеп жатам. Себеби мурда кыргыздар соода сатыкка маани берчү эмес элек.

Учурда Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону чек аралар ачылып, соода- сатык күчөп, биздин айрым жигиттер жеке ишкерлик, бизнес менен алектенип калды. Кыргызстандын экономикасына салым кошуп жүргөнүбүзгө сыймыктанабыз.

Кытайлык кыргыздар Кыргызстандын жаркын келечегине ишенет

-Кыргыз мамлекетинин келечегине көз карашыңыз кандай?

-Биринчиден, эгемендүү өлкө болгонуна абдан сүйүндүк эле. Ошентсе дагы эгемендүү болгонуна 15 жылдан ашса дагы элдин жашоо-турмушу жылдан жылга кыйындап баратат. Бул жакшы көрүнүш эмес. Кытайда деле кыйынчылыктар, көйгөйлөр көп болгон. Биз дагы кыйынчылыктарды баштан кечиргенбиз. Акырындык менен өнүгүп, өсүп мамлекетибиз бутуна туруп калды. Учурда Кытайда элдин жашоосу дурус эле.

Кыргызстанда эң негизгиси коррупция жоюлса эле, акырындап элдин турмушу оңолот эле. Кыргыз калкы жалкоолукту таштап, мээнет кылса эле жакшы жашоо алыс эмес. Мен Кыргызстандын жаркын келечегине, гүлдөп өсүшүнө ишеним.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG