Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

17:14 И.Чудинов: “Жаны мектептерди куруу иши талапка жооп бербейт”


Кыштагы зилзаладан Ош облусунда жана шаарында 12 мектеп кыйраган. Учурда ошолордун ордуна жаңы мектептерди куруу иши талаптагыдай эмес. Мындай пикирин өкмөт башчысы Игорь Чудинов Ош жергесине жасаган сапарында билдирди. Премьер-министр бир катар жаңы мектептердин курулушун кыдырып көргөндөн кийин, буюртмачылар жалпы жонунан агартуу мекемелеринин өздүк наркын эки эсеге көтөрүп жиберишкендигин катуу сынга алып, жергиликтүү бийлик башчыларына: «Мектептердин курулуш наркын чукул арада кайра эсептеп чыккыла! Бааны эки эсе көтөргөндөргө тезинен чара көрүлүп, өкмөткө билдирилсин!» деген талабын койду. Ош аймактык антимонополия комитетинин төрагасы Ринат Талипов мектептердин курулушунун баасын буюртмачы менен жумушту аткаруучу ишкана өздөрү аныктарын, аларга мамлекет кийлигишүүгө кымындай да акысы жоктугун “Азаттыкка” маалымдады. (АТо)

XS
SM
MD
LG