Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:28

СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН СОҢКУ АБАЛЫ АДИСТЕРДИН ТЫНЧЫН АЛУУДА


Демократиянын, адам укуктарынын күзгүсү катары саналган сөз эркиндигинин соңку абалы Кыргызстандын маалымат айдыңында иш алып барган талдоочулар менен адистердин тынчын ала баштады. Буга бир чети кечээ оппозициялык маанайдагы “Де-факто” жана “Алиби” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/06/91D274B0-37F3-4B96-B111-006D2FCDE7F0.asp гезиттерин президенттин иниси Асылбек Бакиевдин 1 миллион сомдон айыпка жыгышы себепчи болду. Адистердин баамында абал ушул бойдон улана берсе, Кыргызстанда сөз эркиндиги жоголуп, бир гана бийликтин камчысын чапкандар калышы турган иш. Ал эми бийлик өкүлдөрү тараптардын соттук териштирүүлөрүн бийликке байланыштырбоо керектигин айтышат.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жаатындагы жалпы абал жарандык коомчулуктун, массалык маалымат каражаттары тармагында иш алып барган уюмдардын тынчын ала баштады. “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерин президенттин иниси Асылбек Бакиевдин бир миллион сомдон айыпка жыкканын адистер мурдагы доордогу “Асаба”, “Республика” жана “МСН” гезиттеринин айыпка жыгылышы менен салыштырышууда.

Жалалабат облусунда чыгып келген Текебаевдерге таандык “Сентябрь” телеканалынын жабылышы менен оппозициянын иш-аракеттерин чагылдырган телеканалдар калбай калганын айтышкан бир катар адистер, эми кезек эркин гезиттерге жеткенин баса белгилешет. Ошентсе да кыргыз журналистикасында эл аралык стандарттар сакталбаганы, маалымат каражаттары көп учурда ушак-айыңга көбүрөөк окшогон далилсиз маалыматтарды жазып жиберишери айтылат. “Журналисттер” коомдук бирикмесинин өкүлү Мери Бекешова буларды айтат:

- Акыркы кездерде сөз эркиндиги Кыргызстанда жок болуп калды деген көп ойлор айтылып атат. Бирок биз аны менен бирге журналисттер өздөрүнүн милдетин так билсе деген позицияны да карманабыз. Мисалы, журналист жазып атканда такталган маалыматтарды бергенге аракет кылышы керек.

Мери Бекешованын айтымында, мыйзам бардыгы үчүн бирдей болуш керек. Антпесе, “Алиби” сыяктуу гезиттер “бийлик өзү мыйзамды сактабай туруп, эмне үчүн башкалардан талап кылат” деген сыяктуу турумда болуп калышат:

- Маселен, булардын эч кандай таянган булагы, далилдери жок болуп атат чынында. Ошол эле учурда бийлик кандай гана мыйзам бузган иштерге барып атышат. Мыйзам карапайым, жөнөкөй адамдар үчүн гана иштейт, бийликтегилерге мыйзам иштебейт. Бул жерде «бийлик мыйзам менен иштебегенден кийин эмне үүн бизден талап кылышат» деген ой болуп атат.

Белгилүү журналист Жаныбек Жанызактын пикиринде, бийликтин өзү үчүн эркин гезиттер сөзсүз түрдө керек. Анткени, өлкө башчы мындай гезиттер аркылуу түрдүү пикирлерди ала алат:

- Мурдагы падышалар учурунда, маселен Франциядагы Людовиктердин сарайында сөзсүз маскарапоздор болгон. Ал маскарапоздорго толук эркиндик берилген. Алар бир окуя болсо өздөрүнүн оюн каалагандай эркин айта алышкан. Падышанын иштерине деле каалагандай сын айта беришкен. Маскарапоздун ошондой аракеттеринен падыша өзүнө керектүү маалыматтарды алып турган. Мына маалымат каражаттары ошол сыяктуу кызмат аткарыш керек эле. Андай эркин гезит гезит жок болсо аны ойлоп табыш керек эле. Ошондо президент жакындарынын, кол алдындагылардын иштерин толук билип турат эле. Эгер президент аны каалабаса, анда айла жок.

Ал эми Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалымат каражаттары боюнча кеңешчиси Азамат Абабакиров, Кыргызстандагы сөз эркиндиги боюнча соңку кырдаал, “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин чоң суммага айыпка жыгылышы тууралуу билдирүү жасай турганын айтат:

- Жакында сөз эркиндигин жаатындагы соңку окуялар боюнча ЕККУ өз оюн билдирет. Мисалы, кечээки “Де-факто” жана “Алиби” гезиттеринин сотто миллион сомго жыгылганы тууралуу ЕККУ өзүнүн тынчсыздануусун билдирсе керек. Азыр бул боюнча иш жүрүп атат. Анткени, буга чейин биз ММК менен териштирүүлөр болгондо сотко жеткирбей чечүү керектигин айтып келгенбиз. Андан тышкары президент Курманбек Бакиев теле жана радио берүүлөр боюнча мыйзамга кол койбоду беле. ЕККУнун маалымат каражаттары боюнча өкүлү президенттен ушул мыйзамга кол койбоосун суранган.

Сүрөттө “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобекова.
XS
SM
MD
LG