Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

СӨЗ ЭРКИНДИГИ ТУМЧУГУП ЖАТАТ


Азыркы бийлик эркин массалык маалымат каражаттарына кысымын күчөтүүнүн гана үстүндө келе жатат, деген пикирлер арбын айтыла баштады. Буга кечээ (2-июнда) “Де-факто” жана “Алиби” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/06/4C33F999-19B2-4297-A925-DA83781147A0.ASP эркин гезиттерине сот тарабынан 1 миллион сомдон айыппул салынышы да себеп болууда. Буга карата бүгүн бир катар саясий партиялар жана укук коргоочу уюмдар билдирүү таратышты. Алар март ыңкылабынан кийин келген бийлик сөз эркиндигин муунтуу менен демократиядан беш-алты кадам артка кеткендигин белгилешүүдө.

Президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиевдин пайдасына чечилген сот чечими бийликти сындаган эркин гезиттерди жабуунун гана аракети деп айтылат “Кылым шамы” бейөкмөт уюму тараткан билдирүүдө. Ал эми “Ата мекен” саясий партиясы өз билдирүүсүндө бул эркин гезиттерге өлчөмү негизсиз айып салуунун бирден бир негизи, бийликтин экономикалык жактан «De-факто» жана «Алиби» гезиттерин муунтуп, ал эми башка эркин басылмаларга эскертүү берип жатканы көрүнүп турат, деп белгилеп, эркин массалык маалымат каражаттарынын куугунтука алынышы – Кыргызстандын келечегине оор доо келтирүүчү көрүнүш, деп эсептейт.

“Акшумкар” саясий партиясы соттор бийликтин куралына айланып калган, эркин гезиттер сотко берилгенден тарта эле чечим бийликтин пайдасына чечилээри белгилүү болчу, деп баса бекемдеген. Аталган саясий партиянын лидери Темир Сариев соттор көз карандылыгынан жазбай келе жатат, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

-Соттордун чечими конституциялык эркиндик деп айтылат, бирок ал мыйзамдуу чечим болсо... Бирок бул саясий чечим болуп атпайбы.. Сот бийликтин каалаган чечимин чыгарып берди.

Темир Сариев акыркы үч жыл аралыгында бир да эркин телеканал калбагандыгы да азыркы бийликтин кысымынын натыйжасы, деп эсептейт:

-Бир да эркин телеканал калган жок, бардыгын жаап бүттү. Радиолордон “Азаттык” менен “Би-би-си” гана калды. Мына эми минтип гезиттерди да жаап жатышат.

Мамлекет башчынын инисинин пайдасына 1 млн сомдон айыппул төлөө тууралуу Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот бутактарына кайрылыша тургандыгын “Де-факто” гезити да, “Алиби” басылмасы да белгилешүүдө. “Алиби” гезитинин башкы редактору Рыскелди Момбеков “Азаттык” менен болгон маектешүүсүндө акыйкаттык үчүн акырына чейин күрөшөрүн билдирген.

“Де-факто” гезити болсо кечээки сот чечиминен кийин “Бакиевдерге жардам” деген акция баштап, өз окурмандарынан Бакиевдин инисинин пайдасына сот жүктөгөн айыппулду төлөп берүү үчүн 1 сомдон акча-каражат чогултуп баштады. Акция ушул тапта да уланууда.

Карапайым окурмандардан тартып, белгилүү саясатчыларга чейин гезиттин редакциясына келип, “Де-фактонун” тагдыры үчүн өз салымын кошуп жатканына бүгүн күбө болдук. Өзүн Орунбек Даиров деп тааныштырган окурман бийлик эркин гезиттерди жабууга аракет кылып, элдин кыжырына гана тийип атат, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

-Жалаң жаш журналисттерден турган, элдик гезитти мындай жол менен жабууга жасаган аракети бийлик үчүн туура эмес иш болуп калды. Мындай болбошу керек эле. Ушундан улам биз дагы өзүбүздүн 1 сомубузду кошолу деп, гезитти сактап калуу үчүн келип атабыз. Кыскасы “Де-фактодон” колуңарды тарткыла” демекчимин.

Эки күндүн ичинде 9757 киши гезит редакциясына келип, 1 сомун “Бакиевдерге жардам” деген жазуусу бар жащикке таштап кетишкен. Бул тууралуу маалымдаган “Де-факто” гезитинин редакторунун орунбасары Жылдыз Мусабекованын айтуусунда алыскы элет жерлеринен да “Бакиевдерге жардам” акциясына салымын кошууну каалагандардын саны көбөйүүдө:

-Бүгүн таң эртеңден баштап, “Азаттыктан” уккан алыскы окурмандарыбыз телефон чалып, сурап атышат: “Биз да өз салымыбызды кошот элек, кайыр-садагага 1 сом эмес, 7 сом берет, 7 сомубузду кантип жиберсек болот” деп кайрылып атышат. Аларга айта кетейин: 7 сомуңарды конвертке салып, биздин гезиттин дарегине жиберсеңиздер болот.

Жылдыз Мусабекова бийлик ушул 1 миллион сом айыппул менен эле чектелип калбайт, эркин гезиттерди жабуу аракети түрдүү жолдор менен улантылышы ыктымал деп болжолдойт.

Ал эми экинчи тарап болсо сот чечими адилет жана мыйзамдуу болгондугун белгилөөдө. Президенттин иниси Асылбек Салиевдин адвокаты Сергей Котишевский “Де-факто” гезити тарабынан уюштурулуп жаткан “Бакиевдерге жардам” деген акция саясий оюн болуп эсептелет, деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

-Соттун чечими эң туура, мыйзамдуу болду. Ал эми 1 миллион сом айыппулду доогер тарап өзүнө албайт, бул каражат кайрымдуулук иштерине жумшалары мурдатан эле айтылып келе жатат. “Де-факто” гезити уюштуруп жаткан акция – кемсинтүүчү мүнөздөгү саясий оюн болуп эсептелет.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG